super.kg logo

Дональд Трамп дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарынан 222 сапка төмөндөп, 766-орунду ээледи

 

АКШнын президенти Дональд Трамп “Forbes” журналынын рейтингинде дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинен 222 сапка төмөндөп, 766-орунду ээледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын жыйынтыгы менен АКШнын президентинин байлыгы 400 миллион долларга азайган.

"Дональд Трамптын учурдагы байлыгы 3 миллиард 100 миллион АКШ долларын түзөт. Бул сумма былтыркы жылга салыштырмалуу 400 миллион долларга аз экенин "Forbes" аныктап жазган. Адистердин айтуусуна караганда, интернет аркылуу соода жүргүзүү күчөгөндүктөн Трамптын соода борборлорундагы сооданын аздыгы жана Нью-Йорктогу кыймылсыз мүлктөрүнө болгон баалардын төмөндөшү президенттин байлыгынын азайышына себеп болгон. Манхэттендеги Trump Tower`дин кирешеси бир жыл ичинде 41 миллион долларга төмөндөгөн", - деп жазылат басылмада.

Айта кетсек, "Forbes" журналы 1917-жылдан тартып дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесин жарыялап келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.03.2018. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байдын байлыгы канча кобойсо жардынын саны ошончо кобойот.
Карл Маркс
Эн туура айтылган соз
07.03.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Трамп жеке бизнесмен болгону учун капиталдары болжолдуу турдо ачык жарыяланат ал эми биздин Атамбаев Бабановдорубузда Трамптай эле акча топтошкон дешет, бирок кандай жол менен экени сырдуу ошондуктан булар айткандан коркушат. Коррупцияга чомулгон Россиянын президенти Путиндин 90 миллиард доллары бар дешет. Бирок аныкыда жашыруун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: