super.kg logo

Аялдардын эл аралык күнүн кайсы өлкө кандай белгилейт?

 

8-Март - Аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий тең укуктуулук үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү. 1857-жылы 8-мартта Нью-Йоркто жумушчу аялдар шаардын көчөлөрүнө чыгып, эмгек акыларынын төмөндүгү, эмгек шарттарынын начардыгына каршы нааразылык билдиришкен. 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорктун жумушчу аялдары кайрадан иш ташташып, балдардын эмгегине тыюу салуу, фабриканын шарттарын жакшыртуу талаптарын коюшкан. 1909-жылы Америка социалисттик партиясы февралдын акыркы жумасын аялдардын Улуттук күнү деп жарыялашкан. 1910-жылы Копенгагенде социалист-аялдардын 2-эл аралык конференциясында немец революционери, Германия Компартиясын негиздөөчүлөрдүн бири Клара Цеткин бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиянын үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигинин күнүн белгилөөнү сунуштаган. Анын сунушу боюнча жыл сайын Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо жөнүндө чечим кабыл алынган.

Аталган майрам дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө белгиленбесе дагы, ар бир өлкөдө айымдардын урматына арналган майрам бар.

Германия

Бул өлкөдө 8-Март эс алуу күнү эмес. Майрам тууралуу массалык маалымат каржаттарында айтылып жазылганы менен майрам кеңири белгиленбейт. Германиялыктар аялдардын күнү деп май айында белгилене турчу Энелер күнүн билишет жана майрамдашат. Бул күнү айымдар бардык үй жумшутарынан бошотулуп эс алышат.



Литва

Азыркы мезгилде Литва өлкөсүндө 8-Март майрамы орус тилдүү жарандар көп отурукташкан аймактарда эле белгиленет. Бул майрам расмий мамлекеттик майрам деген статуска ээ эмес.

Вьетнам

Вьетнамда айымдарды куттукттоо күнү 2 миң жылдан бери бар. Бирок мурда бул майрам Чынг эже-сиңдилерди эскерүү күнү деп аталган. Чынг эже-сиңдилер Вьетнам элинин кытайлык басып алуучуларга каршы баштаган боштондук күрөшүн жетектешкен. Алардын аскерлери курчоого алынган мезгилде, эже-сиңдилер туткунга түшпөйлү деген ой менен сууга секирип кетишкен. Социализм келген мезгилде бул майрам 8-Март күнүнө өткөн.



Франция

Аталган өлкөдө да бул майрам кеңири белгиленбейт. Француздар да германиялыктардай эле айымдардын күнү деп май айындагы Энелер күнүн белгилешет.


Италия

Башка Европа өлкөлөрүнөн айрымаланып Италияда 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүн майрамдашат, бирок бул күн эс алуу күнү эмес. Бул майрамды айымдар өздөрүнчө майрамдап ар кандай көңүл ачуучу жайларга барып эс алышат.

Болгария

8-Март күнү Болгарияда иш күнү жана расмий мамлекеттик майрам эмес. Буга карабастан өлкө жарандары бул майрамды кесиптештеринин же досторунун курчоосунда белгилешет. Социологдордун айтымында бул күнү эркектерге караганда аялдар бири-бирин майрамы менен көп куттукташат.

Орусия, Украина, Беларусь

КМШ өлкөлөрүнүн катарын толуктаган бул өлкөлөрдө 8-Март расмий мамлекеттик майрам болуп эсептелет. Аталган күнү айымдар куттуктоолорду, түрдү белектерди алышат. Бул күнү сатылган гүлдөрдүн саны 14-февраль сүйүшкөндөр күнүндө сатылган гүлдөрдүн санынан үч эсе көп.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
08.03.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Майрамыныздар менен аял заты.
08.03.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Майрамыныздар менен урматуу айымдар!!! Ачык асман тугөнбөс бакыт каалайм ар бириниздерге. Аял затына тиешелүү баардык жакшылыктар болсун сиздерде.
08.03.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
С днём 8 марта
08.03.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майрамынар кут болсун. Жузунор жаркырап, жашоонордон кулку кетпесин.
08.03.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде эле майрамдеп расмий лештирип майрамдайт экенбиз да.
08.03.2018. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майрамыныздар менен аял заты.
08.03.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Карап корсонор бирда мусулман мамлекеттери бул кунду майрам дебейт экен, бут бузулгандар коп мамлекеттер майрам дешип шашылышат экен. Клара Цеткин айтты эле деп себеби жок майрам дегендин озу келесоолук, интернетте айрым маалыматар боюнча Клара дегени сойку болгон деген макалалар толтура. Эмне учун улуу Пайгамбар, Аллахтын элчиси Мухаммад САВдын АЛЛАх силерге эки кунду майрам кылды Курман Айт, Орозо Айт деп айтып кеткенин Жаны жылдай, 8 марттай куттукташып майрамдабайбыз?
08.03.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jbolotov, эй зб экенсиңер да каалангадар майрамдашсын каалабагандар жөн отурсун ушуга да баш оорутмай
08.03.2018. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jbolotov, бул күнү аял затын көңүлүн алып коюу ушуга ушунча сөздүн кереги жок жок апаңа эжеңе карындашыңа аялыңа белек бербесең да майрамың менен деп койсоң канча көңүлү көтөрүлөт
08.03.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
jbolotov,
Аллахчылардын жомогуна ишенбей аял заты майрамды татынакай откозгуло. Кудайчылардын тушунугуно тенелип кереги жок.
09.03.2018. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
jbolotov,ит үрө берет,кербен жүрө берет деп койчу беле?? Сага окшогондорду ооздуктачу күн да алыс эмес
09.03.2018. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jbolotov, бул сөзүң менен мага окшогон момун мусулмандарды да ирээнжитип атасың((
09.03.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Италияда мимоза гулун белеке беришет экен 8- мартта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: