Мексикада аялдар каршылык акциясы катарында бактарга турмушка чыгышты







Мексикада аялдар каршылык акциясы катарында бактарга турмушка чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Мексиканын Оахака шаарында бир нече аял бактарга турмушка чыкты. Алар өздөрүнүн мындай кадамы менен коомчулукту жаратылышты коргоого, анын ичинен бактарды мыйзамсыз кыюуну токтотууга чакырышкан.
"Биз бакка турмушка чыгып жатканда өзүбүздүн моюнубузга жаратылышты коргоо жоопкерчилигин алдык. Азыркы мезгилде адамдар жаратылышка көптөгөн зыяндарды алып келишүүдө. А мен болсо бакты коргоп калуу үчүн ага турмушка чыктым", - деп билдирген кыздардын бирөөсү.
Бул окуя коомчулуктун көңүлүн жаратылыш маселесине гана бурбастан, өзгөчө никелердин күйөрмандарын да кубанткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-3

Бактылуу болушсун
Биздин пикетчи алдар ушинте турган болсо токойго алып барып коё бериш керек да!