super.kg logo

ТЕСТ: Помада, тушь, макияж... Сулуулук дүйнөсүндөгү жаңылыктардан билимиңизди сынап көрүңүз

 

Аялзатынын сулуулугу үчүн кызмат кылып келген косметикалык каражаттардын түрлөрүн санасаң, бармагың аздык кылат. Апабыздын, эжебиздин, карындаш-сиңдибиздин, курбу кызыбыздын, айтор аял аттуунун күнүмдүк турмушундагы "косметичкасы" эмнелер менен толукталган? Балким, ал каражаттын эмне үчүн колдонорун билесиз, бирок аталышын билбейсиз. Анда бьюти тренддер тууралуу тестке баш багыңыз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Эң кеңири тараган тырмак боёочу лактын түрүн белгилеңиз.

Ооба, бул жөн гана лактарды өндүрүүчү ишкананын аталышы. Ал эми сапаты жагынан айырма болгондуктан алардын баасы дагы ар кандай. Шеллактын наркы орточо болгондуктан тырмак боёочулар лактын ушул түрүн кеңири колдонушат.

Кийинки суроо


Коди
Шеллак
Наоми

Англис тилинен которгондо "борпоң жаздык" дегенди түшүндүрөт...

Кушон – Түштүк Кореядан чыккан, крем, пудра жана ВВ-кремдин кошулмасынан турган тоналдык каражат. Англисчеден "cushion" – "борпоң жаздык" деп которулат. Алгачкы кушондор 2008-жылы Түштүк Кореянын "Lope" косметикалык компаниясында чыгарыла баштаган.

Кийинки суроо


Упа
Эндик
Кушон

Кайсы каражат эринде 8 саатка чейин кармалат, башка нерселерге жукпайт?

Тинт Түштүк Кореядан чыгарылган, даамы жана жыты жок суюк ооз боёк. Бул каражатты сүйкөгөндөн кийин эринде 8 саатка чейин өчпөй сакталат. Башка нерселерге жукпайт. Суюк болгондуктан эринге тегиз сүйкөлөт. Бул каражатты сүйкөгөндөн кийин эрин болтоюп көлөмдүү көрүнөт.

Кийинки суроо


Помада
Тинт
Бальзам

BB, CC, DD, PP кремдер...

Айымдар колдонуп жүргөн BB, CC, DD, PP кремдер тоналдык каражат эмес, бет май. ВВ - беттеги безеткилерди дарылайт, күн нурунан коргойт, терини жумшартат, (бирок жумшартуучу бет майдын ордун толук баса албайт). СС - теридеги түрдүү түстөгү (өзгөчө сары, кызыл) тактар менен күрөшүүчү каражат. DD - беттин терисин күндөн жана чаңдан коргойт. РР - макияж үчүн база, терини тегиздеп, бырыштарды, тактарды жашырат.

Кийинки суроо


Тоналдык каражат
Тоналдык каражаттын түстөрү
Бет май

Кайсы актриса помаданы "Сүйүүнүн таякчасы" ("Палочка любви") деп айткан?

Помадага болгон сүйүүсүн франциялык актриса Анни Жирардо дал ушундай атаган. Ал 1931-жылы 25-октябрда жарык дүйнөгө келген.

Кийинки суроо


Анни Жирардо
Сара Бернар
Марина Влади

Сүрөттөгү каражат эмне деп аталат?

Майлуу кошулмаларга бай болгон тоналдык каражат стик деп аталат. Ал кандай кемчилик болбосун жашырып, теринин бардык түрүнө, өзгөчө көйгөйлүү терилер үчүн ылайыктуу. Аталган тоналдык каражат өзүнүн чакан көлөмү менен айырмаланат.

Кийинки суроо


Помада
Мусс түрүндөгү тоналдык крем
Стик

1935-жылы "Max Factor" фирмасы актёрлор үчүн грим катары колдонгон упаны кандай аталышта чыгарган?

1935-жылы "Макс Фактор" ("Max Factor") фирмасы тарабынан актёрлор үчүн грим катары колдонгон упаны "блинчик" аталышында чыгарган.

Кийинки суроо


"Блинчик"
"Кекс"
"Оладьи"

Вазелин жана көмүр чаңынын аралашмасынан пайда болгон косметикалык каражат кандай аталат?

Учурдагы тушь 1931-жылы химик Томас Уильямс тарабынан иштелип чыккан. Ал эжеси Мейбэлге вазелин менен көмүр чаңынын аралашмасынан даярдалган каражат жасап берген. Бул каражат эч кандай терс таасирин бербегенине ынангандан кийин Уильямс тушту эл арасына жайылта баштаган. Ал компаниясын эжеси Мейбэл жана вазелиндин негизинде "Мэйбеллин" ("Maybelline") деп атаган.

Кийинки суроо


Көз боёочу карандаш
Подводка
Тушь

Макияж жасоодо колдонулуучу фиксатор кандай формада болот?

Туура. Фиксатор суюк формада болуп, бетке атыр сыяктуу себилет. Ал макияжды 12-16 саатка чейин өчүрбөй, кармап жүрүү үчүн колдонулат.

Кийинки суроо


Суюк
Коюу
Формасы болбойт

Байыркы Римде, Мисирде, Грецияда колдонулган упа эмнеден жасалган?

Байыркы Мисирде, Байыркы Римде жана Байыркы Грецияда упаны шайтандардан коргойт деп ишенишкен. Кийинчерээк, бул каражатты колдонгон айымдар ак сөөктөрдүн урпактары экендигинен кабар берген. Аталган каражатты ун, бор, чопо, акиташтардан жасашкан. Бирок мындай упаны колдонгондордун ден соолугу начарлап, жыйынтыгында жүрөк, боор ооруларына чалдыгышкан.

Кийинки суроо


Сууда эрибей турган кристалдык порошоктон
Ун жана бордон
Ун, бор, акиташ жана чоподон

Кайал деген эмне?

Кайал - байыркы заманда күндүн нурунан жана чаңдан коргоочу бьюти каражат катары колдонулган. Ал көздүн тегерегин, ички калыбын (кирпиктин алдындагы былжыр терини) боёого ылайыкталган. Курамына май көп кошулгандыктан көздүн терисин бастырып боёодо залал келтирбейт.

Кийинки суроо


Подводка
Карандаш түрүндөгү тень
Көз боёочу карандаш

Эриндин көлөмүн чоңойтуу үчүн колдонулган каражат кантип аталат?

Эриндин көлөмүн чоңойтуучу каражат плампер деп аталат. Анын курамында имбирь, корица жана ачуу калемпир болгондуктан оозго сүйкөгөндө эринди дуулдатып, шишитип көлөмдүү кылат. 2-3 саатка туруштук берет. Плампердин желимден жана косметикалык аралашмалардан жасалган эки түрү бар.

Кийинки суроо


Плампер
Бальзам
Сатин

Кабук деп эмнени аташат?

Кабук - кыска саптуу, үлпүлдөк кисть. Анын жардамы менен тоналдык каражаттарды калың кылып коюуга мүмкүн.

Кийинки суроо


Дубал боёочу шайман
Чач боёочу кисть
Макияж үчүн колдонулуучу кисть

Палетка бул...

Палетка көзгө арналган боёктордун (тень) топтому.

Кийинки суроо


Көз боёктордун (тень) топтому
Тушь топтому
Косметикалык каражаттар топтому

Курамына суу сиңирбөөчү силикон, боёгу бар пигменттер кирген коюу кремди белгилеңиз.

Крем-камуфляж тоналдык каражаттардын ичиндеги өтө коюу крем болуп саналат. Анын курамындагы боёктор беттеги кемчиликтерди жашырса, силикон узакка чейин өчпөй кармалат.

Кийинки суроо


Крем-флюид
Крем-камуфляж
Мусс түрүндөгү кремдер

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(43)
17.03.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
40 упай
17.03.2018. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
57
17.03.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60
17.03.2018. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 упай
17.03.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
47
17.03.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коп нерсе билип алдым ачыгын айтканда.Рахмат Супер Инфо!
17.03.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 упай
17.03.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
54 аял болсом да коп нерсе билбейт экем
17.03.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
40 упай
17.03.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
14
17.03.2018. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: