Чыгыш Африкада чиркөөдө отурган 14 адамга чагылган тийип каза болду
Чыгыш Африкадагы Руанда Республикасында катуу чагылган болуп, анын кесепетинен чиркөөдө отурган 14 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, ал чиркөөнүн ичинде жалпы 45 адам болгон. Аман калгандары оор жаракаттарды алышкан. Бул окуяга чейин дагы чиркөөгө чагылган тийип 2 адам каза болгон. Алардын бири жаш бала.
Чиркөөлөрдө курулуш нормалары талапка жооп бербейт, имаратты чагылгандан тосуу шарттары каралган эмес деген тыянактын негизинде Руандадагы 700 чамалуу чиркөө жабылганы жазылат кабарда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Бул Алланын каары эмес эле, жаратылыш кырсыгы... Чагылган биздин жарандарга деле тушуп жатат го.....
Кудайды уккандан коргон артык.