super.kg logo
  Спорт  

Орусиянын муз үстүндөгү бийчилери Дүйнө чемпиондугунда алдыңкы орундарды ээлеп, жаңы рекорддорду коюуда

 

Кечээ, 11-мартта Болгариянын София шаарында өспүрүмдөр арасында мүз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Анда Орусиянын муз үстүндөгү бийчилери 12 медалдын ичинен 9 медалды жеңип алышты. Алар мелдеште 4 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль тагынышты. Мелдештин акыркы күнү кыздар арасындагы мелдеште спортчулар эркин программасын көрсөтүштү.

Александра Трусова (13 жашта)

13 жаштагы орусиялык муз үстүндөгү бийчи Александра Трусова аталган мелдеште алтын медалды тагынып, дүйнөгө 3 жолу рекорд коюп жана алгачкылардан болуп расмий мелдештерде 2 жолу 4 жолку айлануу-секирүүнү көрсөттү (сальхов жана тулуп).

Александра Трусова 2017-2018-сезондо өспүрүмдөр арасында өткөн 3 эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды гана ээлеген. Австралия жана Беларуста өткөн Гран-При мелдешинин этаптарында жана финалдык этапта алтын медалдарды тагынып, эми Дүйнө чемпиондугунда алтын медалды жеңип алды.

Дүйнө чемпиондугунда Александра Трусова жогоруда айтылгандай өспүрүмдөр арасында дүйнөлүк рекордду 3 жолу жаңылады:

Эркин программасын көрсөтүп Трусова 153,49 упайга ээ болду, бул көрсөткүч Алина Загитованын былтыркы көрсөткүчүнө караганда 15 упайга жогору;

Кыска жана эркин программанын жыйынтыгында Трусова 223,52 упайга ээ болду, бул Загитованын былтыркы көрсөткүчүнө караганда 17 упайга жогору;

Эркин программасын аткарган Трусова техникалык элементтери үчүн 92,35 упайга ээ болду. Бул дагы дүйнөлүк рекорд, Алина Загитова Пйоңчаңда өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында 81.61 упайга ээ болгон.

Ошондой эле 2 жолу 4 айлануу-секирүү (сальхов жана тулуп) алгачкы болуп 1 программада көрсөттү.

Алена Косторная (14 жашта)

14 жаштагы орусиялык муз үстүндө бийчи Алена Косторная бул сезондо Трусовадан бир нече жолу артта калган. Ал Гран-При мелдешинин этабында жана финалдык этапта күмүш медалдарга ээ болуп, эми Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээледи. Ошондой эле Косторная чоңдор арасындагы мелдешке дагы катышканга жетишкен, анда Алена Орусиянын биринчилигинде күмүш медалды тагынып, Олимпиаданын чемпиону Алина Загитовага жеңилип калган.

Дүйнө чемпиондугунда Алена Косторная кыска программада 71,63 упайга жана эркин программада 135,76 упайга ээ болуп, жалпы 207,39 упай менен 2-орунду ээледи.

Айта кетсек, Турсова жана Косторнаянын машыктыруучусу Этери Тутберидзе. Тутберидзенин 2 шакирти Кышкы Олимпиада оюндарында алтын жана күмүш медаль тагынышкан.

Мако Ямасита (15 жашта)

Кыздар арасындагы мелдеште 3-орунду япониялык муз үстүндөгү бийчи Мако Ямасита жеңип алды. Ал кыска программада 66,79 упайга жана эркин программада 128,38 упайга ээ болуп, жалпы 195,17 упай менен 3-орунду ээледи.

Айта кетсек, Ямасита 2017-2018-сезондо өспүрүмдөр арасындагы Гран-При мелдешинин этаптарында 1 күмүш жана 1 коло медаль тагынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
12.03.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Этери Тутберидзе чемпиондорду чыгара турган фабрика болуп калдыго ээ
12.03.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тутберидзе кыраакы аял экен азамат! Саяпкерлер күлүктү басканынан билгендей, Тутберидзе да чемпион боло турган кыздарды басканынан эле билет окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: