super.kg logo

Кытайлык кыз үлпөт көйнөк кийип, чоң атасы менен фотосессия жасады

 

Кытайлык 25 жаштагы Фу Сюэвей аттуу бийкеч үлпөт көйнөк кийип, 87 жаштагы чоң атасы менен фотосессия жасады. Ал чоң атасынын көзү тирүүсүндө сүрөткө түшүп, эстелик калтыргысы келгендиктен улам ушул кадамга барганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Фу Сюэвейдин чоң атасы өткөн жылдын күз мезгилинде эки ирет инсульт алган. Ошондо дарыгерлер "өлөрү калды, өсөрү калган жок, узатууга даярдана бергиле" деген. Мындан улам Сюэвей турмушка чыкканга чейин чоң атам бул дүйнөдөн өтүп кетет деп чочулап, алдын ала үлпөт көйнөгүн кийип, ак той стилиндеги фотосессия жасаган.

Фу Сюэвей: "Ал менин жашоомдогу эң маанилүү киши. Анткени ата-энем көп убактысын жумушка арнаган. Мени тарбиялоону чоң атам менен чоң энем колго алышкан. Алар менин жакшылыгыма күбө болушун каалайм. Азырынча турмушка чыгуу ниетим жок. Ошондуктан жакшылыгымдын бир ирмемин азыр көрсөткүм келди. Келечекте менин балдарым да чоң атамдын жүзүн таанып жүрүшүн каалайм", - деп айткан.

Ошондой эле Сюэвей чоң атасынын портретин колуна татуировка кылып жасаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.03.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат!
13.03.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун экен.
13.03.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чоң атасына карата сүйүүсү урматы өтө жогору экен,бирок күйөө бала жок кызыксыз болуп калыптыр.
13.03.2018. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чон атасын аябай жакшы корот экен. азамат. баарынын колунан да келе бербейт чон ата чон энелерин суйуу, аларды сыйлоо. кээ бироолор бар "уфф надоел уже" деп жаман корот...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: