super.kg logo

Социалдык кызматкер: "Сабалган 8 жаштагы кыздын күбөлүгүндө атасынын аты-жөнү көрсөтүлгөн эмес, учурда апасы изделүүдө"

 

Бишкек шаарында жакындары тарабынан аёосуз сабалган 8 жаштагы кыздын өз энеси учурда изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 13-мартта Аламүдүн райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Миңбаев билдирди.

Жетекчинин берген маалыматына ылайык, кыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасынын аты-жөнү жазылган эмес.

"Сабалган 8 жаштагы кыздын апасы изделүүдө. Биздин маалыматыбыз боюнча анын биологиялык апасы Нарын облусунун Жумгал районунда каттоого турган экен. Ал жакка энеси тууралуу маалымат жиберилип, учурда ал изделип жатат. Эгер апасы негизсиз 2 баласын кароосуз таштап кеткен болсо ал эне укугунан ажыратылат. Сабалган кыздан сырткары 10 жаштагы эркек уулу бар экени аныкталды. Ал эми секелек кызды ур-токмокко алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Өгөй апасы урганын учурда кыз гана айтып жатат. Эгер бул тергөөнүн жыйынтыгында далилденсе, өгөй апасы өзүнүн бир уул жана бир кызын багуу укугунан ажыратылат", - дейт жетекчи.

Жабыркаган кызга учурда Аламүдүн райондук үй-бүлө жана балдарды коргоо мекемесинин кызматкери кам көрүүдө.

"Атасынын туугандары ооруканадагы кызга келип "апам урду дебе, байкем урду деп айт" деп коркутуп жатышканынан оорукананын администрациясынан кызга расмий өкүлдөрдү гана киргизүүнү сурандык. Учурда кызга биздин кызматкер кам көрүүдө. Кыз ооруканадан чыгарылган соң ал жаш балдардын психологунун карамагына алынып, атайын жаш балдардын борборунда тергөө бүткүчө болуп турат", - деп кошумчалады Миңбаев.

Айта кетсек, буга чейин Бишкек шаарында 8 жаштагы кыз жакындары тарабынан аёосуз сабалганын окурман "ЭЛДИК КАБАРга" билдирген. Андан кийин кызды тааныгандардын бири ал отургуч менен сабалганын кошумчалап айтып берген. Кыз "Тез жардам" кызматы менен Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасына жеткирилген жана ооруканада жалгыз жатканын билдиргенбиз. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иш козголду.


кошулду





Ур-токмокко кабылган секелек: "Чөмүч менен башка койгулайт"

Автор: Айнуска Жороканова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
SUPER.KG видео
12.03.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+48
Таштап кеткен энесин, анан тиги сабаган ХХХХХХХХ катынды да камоо керек срочно
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-13 09:50:35
SUPER.KG видео
13.03.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Менин да 3 балам бар,беришсе багып алмакмын,жакшынакай кылып окутуп,журогум ооруду коруп. Бирок Москвадабыз. Ал уй булого жонотпош кк.
13.03.2018. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы болуп кетсин. Эми тергоо иштери буткондон кийин кызды кайтарып бербеши керек ал уй булого антпесе омур бою кун корсотушпойт акмактар.
13.03.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өгөй энесине карата туура чечим өзүнүн балдарынын эле энелик укугунан ажыратып койбой статья мн камап салсын,башкаларга да сабак болот.Садагаң кетейиним мындан кийинки жашооң жакшы болсун эми,жетим жетилет деп коет жакшы чоңоюп бул жашоодон ордуңду таап бактылуу бол.(нан жегени үчүн мынча урганы .... акылга сыйдыра албайсын го киши,ошол аялдын жүзүн көргүм келип атат кандай аял кандай эне болду экен)
SUPER.KG видео
13.03.2018. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Колун сынгыр
14.03.2018. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай жаш баланы сабагандар мал экен
14.03.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телефон кетти.ким жөнөтсөда Элдик кабардын марттагы женуучусу болот окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: