super.kg logo

Измирдеги мейманканадан чыккан өрттөн жабыркаган кыздын таежеси: "Ал ата-энесинин жалгыз кызы, элдин сойку деген сөзү үй-бүлөгө катуу тийди"

 

Түркиянын Измир шаарындагы "Алижан" мейманканасынан чыккан өрттөн жабыркаган кыздын таежеси Таттыгүл Маканбаева SUPER.KG порталына кайрылды. Маканбаеванын айтымында, кырсык учурунда видеого тартылып калган, өрттөн качып бийиктиктен боюн таштаган 2 кыздын бири анын сиңдиси.

Видеодо көрүнгөндөй, кыздар мейманкананын ичинен чыккан өрттөн качып балконго чыгышат. Бирок башка бөлмөлөргө өтүп кетүү мүмкүн эмес экенин байкап, кайра бөлмөгө киришкен. Ал жакта өрт күч алып кеткенин кыздардын кайра шашылыш чыкканынан билсе болот, бир саамга айлаларын таппай калган кыздардын бири -Беларустун жараны, ал башка бөлмөгө өтөм деп жатып, жерге кулаган. Андан кийин имаратты каптап бара жаткан өрттөн корккон Кыргыз кызы боюн таштап, унаанын үстүнө, андан жерге түшкөн.

"Ошондогу кара көйнөкчөн кыз менин сиңдим, ал Түркияга мындан 3 ай мурун кеткен. Ата-энесине агенттик аркылуу чет элге кетип жатам деп айткан экен. Буга чейин Кореяга барып иштеп келгендиктен, ата-энеси көп деле кабатырланбай жөнөтүшкөн. Азыр чет элге иштеп кеткен жаштар көп да.

М.Ж. ал жакта "сойку" болуп иштеген деген кептер айтылып кетти. Бул сөз анын ата-энесине катуу тийди. Ал үй-бүлөдө ата-энесинин жалгыз кызы, мындай жолго барууга эч муктаж эмес болчу. Ал ушул мейманкананы жыйнап, полун жууганга ишке кирген экен. Кырсыктан жарым саат мурун видеочалуу аркылуу апасы менен сүйлөшүп, жанындагы беларустук кызды да көрсөткөн экен. Ошондо уктаганы жатабыз дептир", - деди Макамбаева.

Ал белгилегендей, эртең, 15-мартта М.Ж.нын апасы Түркияга учат. Буга чейин алар кыздын Түркияда мыйзамсыз жүргөнүн тиешелүү тараптардан сурап аныкташкан. Бул арада Тышкы иштер министрлиги өрттөн жабыр тарткан кыздын абалы турукташып калганын билдирди.

Эске салсак, Измир шаарындагы “Алижан” мейманканасында өрт чыгып, 4 адам жаракат алган. Алардын арасында М.Ж. аттуу Кыргыз кызы бар экени да белгилүү болгон.


кошулду





Түркиядагы өрттөн жабыркаган Кыргыз кызынын абалы оор бойдон калууда

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
14.03.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алла шыпаасын берсин.
14.03.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элден жашырган мн Кудай баарын таразалап коет, кантип журсо озу жооп берет бирок чындыгында жыланач сандарын корсотуп эч жерде пол жуубайт сакайып кетсин ден соолук ыйман тынчтык берсин Аллахым
14.03.2018. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Уктаганы жатабыз дептир го.жатайын деп чечинсе керек да тооба.мынча сразу жаман ойлоп баштайсынар
14.03.2018. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жатканы жатабыз дептир жатаарда чечинетда биротоло эле жамандаганга көнгөнбүз ошон үчүн өнүкбөй жатабыз
Jelezo түзөттү 2018-03-14 19:25:12
14.03.2018. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен видеосун коруп чыктым. Жогорудагы комменттерге кошулам. Пол жуугучтар жарым жыналач болуп иштебесе керек эле...

Анан калса белорус кыздар Туркияга барып пол жууп иштебесе керек эле, Россияда тузук иштер турганда славяндар учун...

Эл айтса калп айтпайт деген кеп бул учур учун туура сыяктуу.......
14.03.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Билип билбей жамандай бербейличи туугандар балким чынында эле пол жуугуч болуп иштегендир кандай иш кылганын бир Аллах анан озу билет бироону жамандап озубузго куноо арттырбайлычы эмнеси болсода сакайып кетсин
14.03.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Уяты жок комментарийшиктер,кандай акмаксынар,эртен эмне болосунар бир кудай ОЗУ билет. Ушактаганды билип билбей ото жакшы оздрштургонбуз кыргыздар
14.03.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаман корбогуло бул кызды сойку деп деле айтпайм бирок гостиницада андай форма менен иштетпейт...8 март куну болуптур.анын укугу эс алганга...бирок видеоло четкий корунуп туратко...тем более 4 киши деп ичинде...элди жинди ойлогонго таежеси...
14.03.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне болсода сакайып кетсин...эс алганы барыптыр анын эч кандай уяты жок..чет жактага жургондо кырсыктаган жаманда...ээххх...менда кичине бир жерим ооруп калса корком чет жакта жургондо...
14.03.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Белорус кыз деле пол жууп иштегенинен кумонум бар... Белорустар эч качан пол жууп иштебейт кыздары......
14.03.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
оттун ысыгынан ысып чечинсе керекта же кийим алмаштырып жаткан болушуда мумкун.
14.03.2018. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Макул суйлой бергиле,айрыкча эркектер катвндардан айырманар жок болуп калыптыр,диванда жатып эле барынар экспертсинер сойку кыздар боюнча,эртен кимнердин уйунордон ОРТ чыгат эч Ким билбейт,кором ошондо тон жамынып ичик кийип,аялдарынар хиджап кийип этаждан кулаганвнарды. Тобо дегиле таба дебей
14.03.2018. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nanei,эн туура айтасын тууганым.Таежеси айттыго пол жууп иштечу деп,жоок бир душманы менен урушуп атышкансып аябай оз оюнарды танууладынарго.Кандай болгон кундо да кудай алдында озу жооп берет,СЕН!!! эмес.
15.03.2018. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
TazaKyrgyz, таэжеси айта берет да... Айтса эле ишене бергендерге тан каламын.... Таежеси жээнин Эрдогандын катчысы деп айтса да ишенет белен?!!
14.03.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Soiku dep bilip bilbei jazbagyla uiaty joktor, kosho svecha karmap turgansyp kaapyrlar maiyp bolup kaldy dep boor oorugan kishi jok, naoborot jyrgap atshat tabalap, uiatsyzdar
14.03.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыздарын жалгыз чет жакка жонотуп койгон ата энелер эркек бир туугандары эр болуп уйдо жатып акчасын жеп жаткандар ойлонгула.эртен кеч болуп калат
15.03.2018. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Туугандар!.Ар кимиси озунун денгеелине жараша жазат ачууга алдырбасак.Биз эркектер бул жакта интернете олтуруп алып тилибиз менен сайрап жатканда канча деген кыздарыбыз чет жерде кор болуп,башка улуттагыларга алданып,Кыргызстанда ажырашып ,четке чыгып кетип жатат.Биринчиден суроо озумо мен эмне кылдым?Суроо?Эр Манастын тукуму болгон кыргыздын патриот жигиттерине?Качан кыргыз жигит тошокто жатып алып интернетте кыздар м/н айтышчу эле?
Болор иш болду териштирбе.Эч болбосо туура пикирини жаз
15.03.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эркектерди түшүнөм. Денесин сатып иштеген кыздарды жек көрүшөт. Бул жакта "билип-билбей туруп жамандабагыла" деп кыздарга болушкандарды да "сойку" атап салышыптыр. Бирок туугандар, бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Сойкулукту өнүктүрүп жаткан ким? Кыздар өзүнө өзү сойку болобу? Ошолорго ошондой жумуш сунуштап, акчасын төлөп, кумарга баткан ким? Эркектер өзүн тыйса эле бул иш жоголот, биздин Кыргызда деле. Сойкуларга барбай койгула, бүттү, иш тамам.
15.03.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Matahara1980, Dembele84, жеке айтышууларга жол берилбейт. Адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга, аны кемсинтүүгө тыюу салынат. 10 күнгө БАН!
15.03.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман оюбуздан кайталы достор
18.03.2018. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Белорус эмес Москвада москвичтер пол жууп журушпойбу,колунан келген иште иштешет да. Кудай шыпаа берип сакайып кетсин ылайым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: