super.kg logo

Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору: "Чындыкты айтканым үчүн мени кызматтан кетиришти"

 

Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу чындыкты айтканы үчүн кызматтан кеткенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-мартта маалымат жыйында билдирди.

"Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги авария боюнча жыйын болуп, ошондо авариянын чыныгы себебин айтканымдан кийин эле мени кызматтан кетиришти. Мени ошол күнү саат 10:00дөр чамасында тийиштүү органдар тарабынан "жалган маалымат таратып, элди көтөрүлүшкө чыгарууга үндөгөн" деген негиз менен кармашкан. Ошол эле күнү кечинде кайра коё беришти. Мени кармаган күн жума болчу, дүйшөмбү күнү жумушка барсам киргизбей коюшту. Себебин сурасам “Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси Узак Кыдырбаев жана "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын башчысы Айбек Калиевдин чечими менен жумуштан кеткенимди айтышты. Бирок мага ал чечимди көрсөтүшкөн жок. Кыдырбаев тарабынан "Нурлан Өмүркул уулу ишканага киргизилбесин" деген тапшырма берилиптир, ошол бойдон жумушка бара алган жокмун", - дейт ал.

Эске салсак, 26-январда кечки саат 6лар чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин түшүп кеткен. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
15.03.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чондун баары эле элди келесоо ойлойбу тообооо!Айтсам эле ишене берет деп.600$ га мен бир жигули 10 кычкачы менен алып алмакмын
15.03.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биринчи очередь 2 сун жумушка жолотпош керек экен. Коррупция ошолордо турат окшойт тезинен камака киргизуу керек 2сун.У.К.менен А.К.ны!
15.03.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Булар кобушту.Нариман Тюлеевди канча бир миллион Сом жеди деп олтургузган,оздору 100 миллион $дын дайынын таппай,кычкачтарды 600 $ деп жазып жатышат.
15.03.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахтын каалоосу менен суук болбогондо булар адаттагы махинациясын кылып жеп билинбей калмак экенда, жегендерди бир кундо аныктап жоопко тартса болот бирок бул ишке Ак уйдун биринчи экинчи адамдары катышканы тушунуктуу эле болуп калды элге.
15.03.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сокенин оозунда булгап коюшканго премьер болуп турганда такыр эле унчукбай калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: