super.kg logo
  Саясат  

Парламентте "Бишкек жылуулук борборундагы" станцияларды оңдоп-түзөөгө насыя алуу боюнча келишим каралды

 

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңеште Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча насыя жана грант алуу боюнча макулдашуу каралды.

Келишимге ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бере турган насыянын көлөмү 11 миллион 200 доллар. Анын ичинде 3 миллион доллар гранттык каражат болуп саналат. Ал толугу менен "Бишкек жылуулук тармагынын" карамагындагы оӊдоо иштерине жумшалмакчы.

"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын жетекчиси Эркин Абдыкалыковдун айтымында, ордо калаадагы батирлер +18 градустан кем эмес жылуулук менен камсыз болууга тийиш.

"Азыр алына турган каражат жалпы чыгымдын 3 пайызын гана түзөт. Демек, дагы кошумча каражат талап кылынат. Бул багытта дагы инвестиция тартуу аракеттерин көрүп жатабыз. Алынган каражаттар толугу менен биздин тармак тарабынан төлөнүп берилет", - деди Абдыкалыков.

Насыялык келишимдин алкагында 13 насос жабдуулары сатып алынып, Бишкектин жылуулук тармагындагы суу насостору толугу менен жаӊыртылат. Андан тышкары Чүй проспекти менен Аламүдүн суусунун кесилишкен жеринде кубаттуу насостук түйүн курулуп, ал шаардын борбордук бөлүгүндө жылуулуктун басымын күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: