super.kg logo
  Саясат  

Мухаммедкалый Абылгазиев президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды (өмүр баяны)

 

Мухаммедкалый Абылгазиев президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 16-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин бул кызматты Фарид Ниязов аркалап келген. Ал өз каалоосу менен кызматынан бошотулган. Ал эми Абылгазиев болсо президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.

Абылгазиев 1968-жылдын 20-январда Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган. Ал 1994-жылы Айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргыз эл аралык университетин аяктаган.

1994-1995-жылдары - "Кыргызстан" финансылык-агро өнөр жай компаниясынын директорунун орун басары;

1995-1997-жылдары - "Ажар" ЖЧКсынын аткаруучу директору;

1997-1998-жылдары - Өкмөткө караштуу Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун эксперти;

1998-1999-жылдары - Биринчи Май райондук калкты ишке жайгаштыруу башкармалыгынын башчысы;

1999-2003-жылдары - Бишкек шаардык калкты ишке жайгаштыруу департаментинин директору;

2003-2009-жылдары - Социалдык фонддун төрагасы;

2009-2010-жылдары - Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;

2010-2016-жылдары - Социалдык фонддун төрагасы;

2016-2017-жылдары - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри;

2017-жылдын август, сентябрь айларында - президенттин кеңешчиси;

2017-жылдын 12-сентябрынан тарта президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басары.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: