super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ибраимжанов Тайырбек Сарпашевге козголгон кылмыш иши жана ага себеп болгон жер боюнча маалыматтарга кызыкты

 

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Болотбек Ибраимжанов Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашевге козголгон кылмыш иши жана ага себеп болгон жер боюнча маалыматтарга кызыкты.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сагынбек Исмаилов учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын айтты.

"Бул жерге байланыштуу үч кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Сот системиндеги жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин аралашканы боюнча да фактылар ачыкталууда. Жакын арада жыйынтык чыгарабыз", - деди Исмаилов.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура 2017-жылдын февраль айында Сарпашевдин Максим Бакиевдики делген Скрябин көчөсү 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин аресттен чыгып, сатылып кетишине себепчи болгонун жүйө келтирип, аны Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгынан бошотуп турууну сунуштаган. Мындан улам мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Ал эми июнь айында Сарпашев өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.

Тайырбек Сарпашев өзүнө карата козголгон кылмыш иштер кыскартылганын 5-январда SUPER.KG'ге кабарлап, коюлган айыптар далилденбегенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: