super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Шайлоодо Жээнбековго иштеген жоксуң" деп Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргондогу башчысы жумуштан алынган"

 

"Шайлоодо Сооронбай Жээнбековго иштеген жоксуң" деп Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы жумуштан алынган", - деди бүгүн, 16-мартта "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Айбек Алтынбеков.

Эл өкүлүнүн айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору Нарынбек Исабековдун сунушу менен аталган кызматтын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы мажбурлоо жолу менен жумуштан айдалган.

Нарынбек Исабеков бул туура эмес маалымат экенин жана ал өз каалоосу менен арыз жазганын билдирди.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева бул боюнча жеке көзөмөлүнө ала турганын кошумчалады.

Эске салсак, 8-февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков "шайлоодо Жээнбековго жакшы иштеген жоксуң" деген шылтоо менен кызматкерлерди жумуштан алууну токтоткула!" деп эскерткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: