Президент Аксы окуясында курман болгондорду эскерди














Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн курман болгондордун эстелигине гүл койду.
Айта кетсек, бүгүн Аксы окуясына 16 жыл болду. 2002-жылы камакка алынган Азимбек Бекназаровдун тарапташтары Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосушкан. Бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүүдөн 6 киши каза болуп, 80дей жаран жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-3

