super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинди Кытайдын башчысы болуп шайланышы менен куттуктады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын башчысы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Жээнбеков Цзиньпинге жиберген телеграммасында эки өлкө ортосундагы мамиле ыкчам өнүгүп жатканын жана жакында Кытайга бара турганын белгиледи.

“Сиздин Кытай Эл Республикасынын төрагасы кызматына кайрадан шайлангандыгыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз.

Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынынын он үчүнчү сессиясынын жыйынтыктары ички жана тышкы саясатта сиз жүргүзгөн багытка карата жогорку ишенимди көрсөттү. Сиздин тажрыйбаңыз жана көрөгөчтүгүңүз Кытайдын жаңы ийгиликтерине сөзсүз өбөлгө болот деп ишенем.

Кыргыз мамлекети эки тараптуу дагы, эл аралык деңгээлде дагы достукка, жакшы коңшулаштыкка, түшүнүшүүгө жана өз ара пайда табууга негизделген кыргыз-кытайлык стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө зор маани берет.

Өлкөлөр ортосунда мамилелердин ыкчам өнүгүп жаткандыгына канааттангандыгымды билдирем. Сиз менен бирге өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө күч аракет жумшоого даярмын. Сиз менен жакын арада Кытайда жолугушам деген үмүттөмүн.

Сизге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кытай элине – бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп айтылат Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Белгилей кетсек, 17-мартта Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынынын 2970 депутаты Си Цзиньпинди Кытайдын башчысы болуп 5 жылга шайлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: