super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 18-МАРТ: Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов 53 жашка толду

 

Мындан 53 жыл мурун, 1965-жылы 18-мартта Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов Ош облусундагы Кара-Суу районунун Ак-Жар айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1990-жылы Жалал-Абад зооветтехникумун "техник-электр-механик" адистиги боюнча, 2009-жылы Ош технологиялык университетин “экономист” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1984-жылы Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр совхозунда айыл чарба машиналарынын слесары болуп иштөөдөн баштаган. 1984-1986-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Андан соң 1987-жылдан тартып 1988-жылга чейин Кара-Суу мамлекеттик малды интенсивдүү бордоп семиртүү боюнча атайын чарбада улук жумушчу болуп иштеген.
1988-1993-жылдары – Кара-Суу районундагы "Катта-Талдык" кой чарбачылыгы жана мал чарбачылыгы боюнча тажрыйба станциясында жумушчу-спорт инструктору жана кассир;
1993-1996-жылдары – "Россия-Кыргызстан" биргелешкен ишканасында бухгалтер;
1996-2005-жылдары – "Мааткерим" фермердик ишканасында директордун орун басары;
2005-2009-жылдары – "Жаңы Доор" ЖЧК пахта тазалоо заводунун директору болуп эмгектенген.
Акылбек Султанов 2007-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган.
2009-2010-жылдары – "Түштүк кыргыз цемент" ЖАКсынын ишин камсыз кылуу боюнча директор болгон.
2010-жылдын октябрында КСДПнын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү болгон.
2015-жылы парламенттин 6-чакырылышына шайлоонун жыйынтыгы боюнча КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке өтүп, бирок бир нече апта өткөндө, тагыраак айтканда, декабрь айында өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.
2016-жылы апрель айында Улуттук статистикалык комитетинин башчысы кызматына дайындалган.
Акылбек Султанов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2009), ИИМдин Ардак грамотасы (2010), Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы (2010) менен сыйланган.
18-марттын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: