Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Бүгүн, 19-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Орусиянын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.
Мамлекет башчылары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында кызматташуу жана ошондой эле Орусияда өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын талкуулашты.
Белгилей кетсек, Орусияда президенттик шайлоо кечээ, 18-мартта өткөн. Анда Владимир Путин 76,66 пайыз добуш менен алдыда. Бүгүн, 19-мартта Сооронбай Жээнбеков Путинге куттуктоо телеграммасын жибергени маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
2

