super.kg logo

Башкы прокуратура: "Өкмөт алдындагы комиссиянын мыйзамсыз аракеттеринен экономикага 800 миллион сом зыян келтирилди"

 

Өкмөт алдындагы комиссиянын мыйзамсыз аракеттеринен Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына 800 миллион сомдон ашуун зыян келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында бажы жана салык тармагында жооптуу кызматтарды ээлеген адамдардын менчик коммерциялык түзүмдөрүнүн жетекчилери менен туруктуу коррупциялык байланышы аныкталган.

"Өкмөт алдында түзүлгөн Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча комиссия 2016-жылдан тарта 2018-жылдын январь айына чейин жасалма документтерди колдонуп мыйзамсыз аракеттерге барганы белгилүү болду. Мындан улам 2 жыл ичинде мамлекеттин экономикасына 847 миллион сом зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура аталган комиссиянын курамын да тааныштырып, бирок аты-жөнүн атаган жок. Алар:

- Экономика министри (Комиссиянын төрагасы);

- Каржы министринин орун басары;

- Мамлекеттик салык кызматынын орун басары;

- Каржы министрлинин борбордук казына бөлүмүнүн башчысы;

- Мамлекеттик бажы кызматынын башкармалыгынын башчысы;

- Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын опер кызматкери;

- УКМКнын башкармалыгынын башчысынын орун басары (2017-жылдын 3-февралына чейин).

Экономикага зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө материалдары УКМКга жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
20.03.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого пайда, экономикага зыян. Качан болсо зыян деп эле журобуз.
erlan2196 түзөттү 2018-03-20 13:54:37
20.03.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бүт баары иштен четтетилгендер! Атын айтпаса да билебиз! Дагы алты жыл оозду ачып отура бергиле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: