Бангладеште 16 жаштагы кыз сүйүү мамилесинен баш тарткан жигиттин бетине кислота чачты




Сүйүү үчүн адамды өлүмгө, майып болуп калууга түрткөн жоруктар көп эле кездешет. Мындай окуялардын катарын Бангладештин 16 жаштагы тургуну толуктады. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 17 жаштагы Махмудул Хасан Маруф өзүнөн 1 жаш кичүү кыз менен сүйлөшүүдөн баш тарткан. Мындан улам кыз "мендик болбосоң анда эч кимдики болбой кал" деп баланын бетине кислота төгүп салган. Учурда кыз жана анын апасы камакка алынган.
Ал эми кыз-жигит мамилесинен баш тарткан Махмудул Хасан Маруфтун бети гана күйбөстөн оң ийини да күйүп калган. Дарыгерлер анын териси кайра калыбына келбей калышы ыктымал деп билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
2

Эми мындай аркы жашоосу эмне болот