super.kg logo
  Спорт  

Канатбек Бегалиев: "Кыргыздын ар бир жигити намыскөй экенин билем. Кубанганымдан эмоцияга алдырып, туура эмес сүйлөп алдым"

 

21-мартта "Аккула" ат майданында өткөн көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалдык оюнунда Оштун "Достук" командасы менен Таластын "Ынтымак" командасы беттешкен. Кыл чайнашкан беттеште "Ынтымак" командасы 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Беттештен соң социалдык тармактарда Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, балбан Канатбек Бегалиевдин "Ынтымак" командасын куттуктап айткан сөздөрүнүн видеосу тарап, ал интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууга алынган. Мындан улам 22-мартта спортчу SUPER.KG порталынын кеңсесине баш багып, элге кайрылуу жасады.

"21-мартта баарыбыз кызыктуу беттешке күбө болдук. Анда күчтүү команда жеңишке жетти. Мени аксакалдар атайын "Ынтымак" командасын куттуктоо үчүн чакырышкан эле. Ал жерде сүйлөп жатып, кубанганымдан эмоцияга алдырып, туура эмес сүйлөп алдым. Мен Кыргыздын ар бир мырзасы намыскөй экенин билем. Ар бир аймактан белгилүү, намыска жараган спортчулар чыккан. Ошол себептен жалпы Кыргыз элинен кечирим сурайм", - деди Бегалиев.

Белгилей кетсек, коомчулукка тараган видеодо, балбан "Мен баса белгилеп айта кетерим, бүгүнкү күн - бул тарых. Бул 10 жылдан кийин, 20 жылдан кийин дагы айтылып кала берчү күн. Бул күндү ушул жигиттердин (көк бөрүчүлөрдү көрсөтүп), эр-азаматтардын балдары да айтып жүрөт. Бардыгыңарды куттуктайм, урматтуу күйөрмандар. Бүгүн кимдин ким экени билинди. Мен айтар элем, спорт менен намысты Талас облусунан эч ким талашпай эле койсун", - деген.


кошулду





Көк бөрүдөн кийинки пикири үчүн балбан Канатбек Бегалиев кыргыз элинен кечирим сурады

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(136)
22.03.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Мен Канат Бегалиев мн жолугуп, канча жолу утуп канча жолу утулганын билгим келди. Эмнегедир бир дагы утулбагандай суйлоп коюптур! Ошон учун баш кесмек бар тил кесмек жок деген соз бекеринен айтылган эмес да. Эми тилиндин айынан буткул кыргыз элине жаман корунуп отурасын.
22.03.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Атамбаевге алты күн уруксаат беришти эле Таластыктар. Алты ай өтүп кетти го. Намыс деген кана
23.03.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mers124,в точку
22.03.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
жумуштан алгыла кыргыз элине жарытпайтсын сен болуп жарып дагы грек рим боюнчабы президент деп уктум эле жумуштан алгыла андан кору кыргызга намыстуу патриотор келсин буга окшогондор кыргызды болуп жарытпайт
22.03.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
chikeusenov, эч бир кызматта иштебейт. Азыр депутат болом деп чуркап жүргөн кези.
22.03.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Канат байке Сиз Олимпийский трайбаллист экенсиз. Ачык айтыш керек Канат байкенин Ата Энеси, жакындары ошондой тарбия беришкен го деген шегим бар.

Бут менен жыгылган турат,

Тил менен жыгылган турбайт.

Канат Бегалиев тилин менен жыгылдын.

Мурда сизди Улуу спортсмен деп билсем...

Эми Сиз ХХХХ

ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-22 14:16:26
22.03.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Туура айтыпсын кечеки кун тарыхта калды, 10 жыл 20 жыл отсо дагын эстеп турабыз. Бирок ынтымактын чемпион болгон кунун эмес,элди экиге болгонун тарыхта калат
22.03.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Канат,өзүң айткандай бул сөздөрүң тарыхта калат,10,20жылдан кийин балдарың сыймыктанып жүрүшөт. Ким экениңди өзүң далилдедиң.Адамдын биринчи душманы бул тил,тилиңден кеттиң ага жооп бериш керек. Жата калып кечирим сурасаңда эми кеч. Аман бол иши кылса.
22.03.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
жакпай калды
22.03.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эл журт кечиримдуу болгула
22.03.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Билинбегени менен аймактык бөлүнүүчүлүк сезимдер ар бир кыргыздын канында бар. Болгону көбү билдирбейт.
22.03.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Спорт элди бириктирбей эле наоборот бөлөт окшойт.
22.03.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кетмрген кемчилигин моюнга алып кечирим суроо бул жигитчилик!
22.03.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Болгону 1 упай гана алдыга чыгыптырго былтыр деле. 10-1 эсеп мн уткандай көкөлөп кетишти бирөөлөр өздөрүн жоготуп. Талас мн Чүйдүн климаты дээрлик окшош эле, аттары аба ылгабай көнүшөт Таластан Чүйгө алып барылса да. Ал эми Оштун аттары балким Чүйдүн климатына көнүшө албады, ошондуктан жакшы ойной албай калгандыр.
22.03.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Ойлонбой сүйлөп бир канча күйөрмандарын жоготту XXXX.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-22 14:35:26
22.03.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Айтылган соз - атылган ок!..
Спортто женуу да, женилуу да болот. Муну башкасы билбесе да, спортчу катары Канат билиши керек болчу. Спортту саясатташтырыштын, спортту трайбализмге курал кылып колдонуштун эч кажети жок. Эл аралык мелдештерге Канатты Талас эмес, Кыргызстан жоноткон, сыйлыгын да Кыргызстан берген.
Makedonia түзөттү 2018-03-22 14:49:14
22.03.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Makedonia,Оштун аттары деле Чуйдо багылат такай. Сарайлары бар бул жакта. Бул аттар Оштогу аламан улакка салынбайт. Только ипподромго тушот
22.03.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-25
Туура эмес суйлоп алганын убагында эске алып кечирим суроо деген бул озу чон эрдик. Азаматсын Канатбек.
22.03.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
ulan030484,
22.03.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
ойлонбой суйлогон оорубай олот деген макал бар ...
22.03.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-30
Молодец бул нерсе ар бир эле эркектин колунан келебербейт жакшы суйлоптур
22.03.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Журоктон чыккан мухабатын айтып алыптырда озу деле байкабаптыр тили журогундогун айтканын ичи таар экени корунуп турат,спортто женилуу жана женуу бар быйыл болбосо эмки жылы утасынар деп койсо калыс соз болмок
22.03.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+47
Менин жолдошум 5 жыл тренер болуп иштеп,бир канча балдарды чемпион кылды.Былтыр Мирге эки баласы жолдомо утуп алышкан Бишкектен.
Каратып туруп эле экоону тен бир шылтоо айтып жонотпой коюшту.Ордуна Тундуктон башка балдар кетти...
Куйоом отто кайгырып капа болду эле,корсо ушуга окшогон ХХХХ элди тундук-туштук кылып болуп турат тура.
ХХХХ экенсин!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-22 14:59:19
22.03.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Кыргыз элим аллах кечиримдуулорду суйот кечирели Канат кыргыз эли учун али коп жакшы иштерди жасайт буюрса
22.03.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nurikkg88,Биринчиден жараткандын аты биринчи тамгасы чоң тамга менен жазылат!Азыр ошентип сүйлөсө эртең обласыңарды да сатып кетет буга окшогон Ак үйдүн креслосунда олтургандарда жетишет!
22.03.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Эмоцияга алдырып, чын дилиндеги сөздөрдү айтыптыр. Бул Канат мырзанын чыныгы жүзү. Уят.
22.03.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Эми актанба жигит бир суйлойт.айтылган соз атылган ок. Денгеелин томон экен
22.03.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Жаман жакка буруп эле суйлопсуз го озунуз биз бурбайын десек да
22.03.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-32
Бегалиев бөлбөй эле өзүңөр бөлүнүп жатасыңарго комент жазгандар
22.03.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сураган кечиримин Канааттандыраарлык эмес!!!((( созунду бурмалаба!!!
22.03.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
"Ууру тойгончо жеп олгончо карганат" ушуга окшогон чала спортиктер сасытат озу элди болуп жарып
22.03.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Бул алтын медал алганда куратмак окшойт дептиреп ар нерсени суйлоп
22.03.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Сыйлайт элем корсо ичинен сасыган экенда. Эми таластан башкасы жек корот. Казанда бары чомучко чыгат. Демек ичинде ошондой жаман ой бар экенда. Дагы билбей айтып алдым деп коёт. Чала спортик.
22.03.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Денгээлин корсотуп койду
22.03.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Бишкекте откон Азия чемпионатында да спортчуларга жакшы эмес соз айткан экенго. Акжол Махмудовдун интервьюсунда бар. Канат байкенин созуно ызаланып ыйлап жиберейин дедим деп. "котангенс" окшойтго бул киши.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: