super.kg logo

Өлкөдө соңку жумада 530 айдоочу мас абалында кармалды

 

Өлкөдө соңку жумада 530 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкармалык тарабынан 19-марттан 25-мартка чейин республика аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын алкагында 20 миң 977 жолу жол эрежелерин бузуу катталган. Анын ичинен 530 айдоочу мас абалында кармалса, тийиштүү документи жок 460 айдоочу кармалган. Жогорку ылдамдыкта айдаганы үчүн 2 миң 905, ал эми 3 миң 878 айдоочу жол чийиндерине жана белгилерге баш ийбегендиги үчүн токтотулган.

Андан сырткары, дагы ар кандай жол эрежелерин сактабаган 11 миң 18 айдоочуга административдик протоколдор түзүлүп, 1 миң 118 унаа айып аянтчасына токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.03.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумасына ушунчасы ичип кармала берсе, водитель калбай калат го жакында
27.03.2018. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
novayariga,калат эле алардын баарын кайра бошотуп жататда бир аз акчасы алып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: