super.kg logo

10 жыл эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Орусиядан кармалды

 

Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Орусиянын Ички иштер министрлигинен өзүнүн мекенинде кылмыш жасап, укук коргоо органдарынан качып жүргөн жаран тууралуу маалымат түшкөн. Ал Жалал-Абад облусунун 1969-жылы туулган Д.Ш. аттуу жараны экени белгилүү болду.

"Ал ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп салууга айыпталып изделип жаткан. Кылмыш иши Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан 2008-жылы козголгон. Издөөдө жүргөн жаран 21-март күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аны өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси каралып жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.03.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куноолуулорду ушундай эле кармашат эгер Бакиевдердинда куноосу болгондо Беларусияда экенин билет давно кармашмак эле АШАнын озу куноолуу болгон учун кармаша албаган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: