super.kg logo

Пакистандык студенттерди ур-токмокко алып, акча талап кылгандардын бири СОБРдун кызматкери экени белгилүү болду

 

Бишкектеги студенттердин жатаканасында пакистандыктар жашаган бөлмөгө кирип, аларды ур-токмокко алгандардын бири Чүй ОИИББинин СОБР кызматкери. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 25-мартта саат 23:50 чамасында укук коргоо кызматынын нөөмөт бөлүмүнө пакистандык жарандарга кол салуу болгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн. "Ленин райондук РИИБинин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, саат 19:30 чамасында пакистандык 3 жарандын бөлмөсүнө 2 белгисиз адам кирип келип, аларды ур-токмокко алып, колдоруна кишен кийгизишкен. Андан соң күч менен унаага салып, телефондорун, акчаларын тартып алганы белгилүү болгон. Кылмышка шектүүлөр жабырлануучулардын бирин 2000 доллар таап келүү үчүн коё беришкен. Ал милиция кызматкерлерине телефон чалган.

Ыкчам иликтөө тобунун аракети менен 1990-жылы туулган Ш.Ж. жана 1995-жылы туулган Ч.Э. кылмышка шектүү катары кармалды. Бул факты боюнча "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Иликтөөнүн негизинде Ш.Ж. Чүй ОИИББинин СОБР кызматкери экени аныкталды", - дешти милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.03.2018. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХХХХХХХх Эми турмодо жаштыгынар отот .
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-27 09:27:22
27.03.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
abusait,чыгарып жиберет гарантия берем. Мындайлар жаза тартпай эртен кайра кылмышка барат
27.03.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
s.k.bakyt, оба , ал болгон иш чыгарып жиберишет , карга карганын козун чокучу беле . Иштен чыгарат , иштен чыгып ишсиз калгандар , Россияны коздоп жоношот. Россияда да жон журбой кыргыздарды тоноп уят кылышат .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: