Бишкекте "Музыкалык Эркиндик" аталышындагы кече өтөт
Бишкектин Эркиндик бульварында "Музыкалык Эркиндик" аталышындагы кече өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, кече 8-апрель күнү саат 16:00дөн 18:00гө чейин орун алат. Анда белгилүү музыканттар ар түрдүү аспаптардын коштоосунда жандуу концерт коюшат. Ошондой эле көрүүчүлөр өз ишин жаңыдан баштап келе жаткан сүрөтчүлөрдүн эмгектерине күбө болуп, келген эл өзүн сүрөтчү же бийчи катары сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Белгилей кетсек, кече акысыз. Ага каалаган адам катыша алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.