super.kg logo

Ошто мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын жакыны: "Эжемдин башы дале табыла элек"

 

Бүгүн, 28-мартта Ош облустук соту кайненесинин башын кесип өлтүргөн келин менен анын эжесинин ишин карайт. Бул туурасында SUPER.KG порталына маркумдун бир тууганы Аваз Арзыбаев билдирди.

"Бүгүн облустук сот саат 12:00дө кайра бул ишти карап баштайт. Биз нааразыбыз. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өлүмгө 20 жылды бериш өзү туура эмес. Анан дагы эжемдин башы ушул күнгө чейин табылган жок. Биз окуя болгондон бери маркум эжемдин жолдошуна, келиндин күйөөсүнө, эң жаманы эки кичинекей баласына убал болду. Балдар окуядан кийин каралбай калгандыктан балдар үйүнө бергенбиз. Азыр эми облустук сот адилет чечим чыгарып берсе, балдарды кайра алабыз деп сүйлөшүп жатабыз. Ал эми келиндин туугандары сотко да келбей жатышат", - дейт Арзыбаев.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 27-август күнү эртең менен Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнадан башы кесилген белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Ош ШИИБинин берген маалыматына таянсак, маркумдун аты-жөнү такталып, анын А.Жумагүл аттуу аял экендиги аныкталган. Маркумдун өлүмүнө шектүү катары эже-сиңди кармалган. Алардын бири каза болгон аялдын келини болгон. Шектүүлөр ошол күнкү окуянын чоо-жайын айтып беришкен. Кошумчалай кетсек, шаардык милициядан билдиришкендей, шектүүлөр "маркумдун башын ушул жерге таштаганбыз" деп көрсөтмө берген жерден анын башы табылган эмес. Ал эми маркум 31-август күнү өзү төрөлгөн Кашка-Суу айылында башы жок жерге берилген. Ал 2018-жылдын 2-февралында Ош шаардык сотунун өкүмү менен 26 жаштагы А.У.А. бир нече берене менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга катуу тартиптеги абакта жазасын өтөй турган болгон. Ал эми анын эжеси К.Г.А. да күнөөлүү деп табылып, 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(13)
28.03.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
20 жыл жакшы эле жаза.
Азыр 30 да болсо 50 ке чыгып кемпир болгондо келет, эгер келсе.
Аялдарга мыйзам боюнча омур бою жаза берилбейт
28.03.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KyrgyzstanBishkek,кайда жакшы 6 жыл отуруп акча менен амбиция деп чыгып кетет булар!20 аябай аз!колунан келсе өлтүрүп салган жакшы же өмүр бою кесиш керек.
28.03.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бир чети келинге да боорум ооруйт.. Кайненеси деле кийлигишпей эле койсо болмок. Баласы ОЗУ тандап, уйлонсо эмне кылат кийлигишип жашоосуна.. Ажыраштырам... Ана.. Мына. Деп... Ьул Келин деле кайненеси унчукпаса жон жерден эле олтуруп койгон жок да. Довели...значит...окунучтууу. Минтип оз тагдырына балта чаппай ажырашфп эле кетсе болмок.кичикей балдарын аяйм... Эх... Сабырдуураак болушса болмок Кайнене да Келин да.
28.03.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудай сактасын кызуу кандулуктан
28.03.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аз эмес туура эле 20жыл деле оңой эмес жөн эле күнөөсү жок эле олтурбогондур жанына тийгендир да
28.03.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Балдарына эле боорун ооруйт
28.03.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эмне дешти да билбейсин. Бир чети айтканыма тообо кылдым Кайненеси да башын кесип салганга жеткиргендир. Болбосо болоор-болбос ишке деле башын кесип салбаса керек эле. Тилдин заары жаман туугандар кээ бир тили заар адамдар сени чагып алганда башын кесмек тургай башын балталап салгын келет. Омур бою айткан созун эстеген сайын давление болуп турасын. Тилди этият кылгыла тилди. Озгочо кээ бир аялдарда анан кыздарда анан кээ бир катын пейил эркектерде тил ото эле заар, ото эле ачуу болот.
28.03.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Talgat89,ттуура айтасыз. Негизи эле бироонун жашоосуна бироо кийлигишпей эле койсо жакшы болмок. Ар бир уй-ьулоо ОЗУ Чечет да кантип Ким менен жашайт. Келини жаман болсо баласы ОЗУ деле жашамак эмес болуш керек менимче. Раз, жашап атса значит жаман аял болбогон чыгаар. Жалко...
Pchelka85 түзөттү 2018-03-28 13:56:42
28.03.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келин жакшы болобу жаман болобу кылмышты кылды жоопко тартылыш керек ошого жеткирсе керек деп актабай еле койгула карманыш керек болчу кыска ойлуука барганы озун озу курутканы сабырдуу болуш керек
28.03.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Refiri87, келинди эч Ким актабай эле.. Колу менее кылганды мойну менее тартат. Просто ошол ишке ьарганына кайненеси ОЗУ туртку болду да... Экоо тен куноолу. Олгон Адам жондо жаман айтпайт деп коет, кудай кечирсин, кеп кайненнеде да бар да...
28.03.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аа иии эмнеге оз канынан жаралган балдарды атасы, чон атасы, туугандары балдар уйуно берип салышты? Аларда эмне куноо? "балдар окуядан кийин каралбай калгандыктан балдар үйүнө бергенбиз. Азыр эми облустук сот адилет чечим чыгарып берсе, балдарды кайра алабыз деп сүйлөшүп жатабыз" дептир, адилет чечим чыкпаса келинге очошуп балдарын балдар уйуно жалдыратып таштап салабы? Демек ата соройго баары бир экен да балдарынын келечеги.Башка катын алам,булардын кереги жок деп таштаса керек да
28.03.2018. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдары энесин тартат дешсе керее да. Балдарга кыйын. Куйоосу жакшына киши экен эле келиндин
29.03.2018. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийлигишкен кайнене, кайынэжелерден кудай сактасын!!!Жашап аткан уй- булоонун турмушуна кийлигишип не кереги бар.Жашаган эркек озу чечсин."Акылдуусунган " кайынэне,кайынэжелер тезегин тешип,оз тиргилигин кыла берсинчи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: