super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-МАРТ: "Кечээ театр күнү, бүгүн туулган күнүм. Майрамдан көз ачылбай жатат" дейт актриса Гүлмира Ташматова

 
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актрисасы Гүлмира Ташматова бүгүн, 28-мартта 54 жашка толду. Ал 1964-жылы Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Тайгараев айылында туулган.
Актриса учурда кадимкидей жумушта отурганын айтып, туулган күнүнө койгон пландары менен бөлүштү.
"Кечээ Эл аралык театр күнүндө актёрлор бир катар сыйлыктарга ээ болуп, сүйүндүк. Бир нече спектаклдердин арасынан биздин "Көчкү" деген спектаклибиз, ага катышкан актёрлор "Эң мыкты ансамбль" деген наамды жеңип алдык. Андан сырткары биздин театрдын актёрлору да бир нече наамга татышты. Ошентип кечээ майрамдап, үйгө кеч барганбыз. Эми минтип менин туулган күнүм башталып, кесиптештеримден, тааныштарымдан куттуктоолор, смс билдирүүлөр келе баштады. Азыр жумуштамын, кесиптештерим белектерин беришти. Майрамдан көз ачылбай жатат, кечинде үй-бүлөм менен улантам", - дейт актриса.
Айта кетсек, Гүлмира Ташматова Бакен Кыдыкеева, Анвар Куттубаева, Сүймөнкул Чокморов атындагы республикалык сыйлыктардын лауреаты. 1981-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга өткөн. 1983-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктагандан кийин ошол эле жылы кайрадан ачылган Ысык-Көл облустук драма театрына ишке кирет.
Гүлмира Ташматованын театрдагы ролдорунун ичинен эң көрүнүктүү чыгармачылык ийгилиги катары "Талант жана тагдыр" драмасындагы Кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкееванын ролун көрсөтүүгө болот. Ал эми кинодогу эң ийгиликтүү ролдорунун катарына "Чыңгыз менен Бүбүсарадагы" Алмакан, "Жараланган турналардагы" Зууракан, "Токолдор тополоңундагы" Бурулай, "Кыз жигиттеги" Нуркамалдарды кошууга болот.
28-марттын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
28.03.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай эже бар экенин билбепмин,интервьюну ушул эжеден алсанар,балким кызыктуу маек куруп береээр. Бир эки кундук ырчы чоорчу,актрисалар жадатты уже.
28.03.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nanei,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
28.03.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин да уч кундон бери майрамдан козум ачылбай жатат. Баш жазып дегендей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: