super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-МАРТ: "Жубайымдын белеги абдан таң калтырды" дейт 46 жашын белгилеп жаткан Актан Исабаев

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев 46-жазын тосууда. Ал 1972-жылы 28-мартта Фрунзе шаарында туулган. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда, жубайынан алган белеги өтө жагымдуу болгонун айтып берди.

"Эртеден бери куттуктап телефон чалгандарга жооп берип жатып, кулагым да ысып чыкты. Туулган күнүмдү апам, үй-бүлөм менен тосом. Чоң шаан-шөкөт кылгыдай биринчиден жаш бала эмеспиз, экинчиден концерт, гастроль менен жүрө берип шаан-шөкөттөн тажаптырмын. Келинчегимдин белеги таң калтырды. Туулган күнүм менен куттуктап, мен билбеген бир француз салонунан атыр жыттуу топтом алып келиптир. Эртең менен ваннага түшүп чыксам, үй дагы, өзүм дагы ошондой жыттанып калыптырмын. Кээде чет жерге чыкканда айрымдардын ушундай жагымдуу жыттанганын байкап, булар бир флаконду эле куюнуп алышат го дечүмүн. Көрсө анын сыры башкада окшойт", - дейт жубайына ыраазы болгон мырза.

Ырчы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык оркестринин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев менен белгилүү комузчу Самара Токтакунованын уулу. Фрунзедеги М.Абдраев атындагы музыкалык мектебине кирип, ал жакта Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Ырыскелди Осмонкулов менен бирге билим алган.

Актан Исабаев белгилүү "Элес" тобуна экинчи өмүр бергендердин катарында. Топ менен "Асель", "Ты мне нужна" аталышындагы хит ырларды жаратышкан. 1999-жылдан кийин жеке чыгармачылыкка өтүп, "Ыр майрам", "Энекем", "Сүйөм сени", "Сагыныч" жана башка ырлары чыккан.
28-марттын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
28.03.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу ХХХХХХХ ырчыны көрсөм жиним келип турат. Ырларын угуп калсам чыдабай чыгам нерв болуп
Модератор admin_portal түзөттү 2018-03-29 07:55:15
29.03.2018. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kojo1995,Актан мыкты ырчы.
28.03.2018. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Энекем, ыр майрам деген ырлары жакшы.
28.03.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Оригинальный ", "эксклюзивный "ырчы мырзабыз да бизде. Таланттуу. Бирок, ото озун мактаганы жакпайт да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: