super.kg logo

Тазабек Икрамов: "Депутаттардын унааларына "KG" номерлерин кайтарып бергиле, депутаттын келгенин эл билиш керек"

 

"Депутаттардын унааларына "KG" номерлерди бергиле" деп бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өкмөткө кайрылды. Эл өкүлү депутаттар жолдо тоскоолдуксуз жүрүп, жер-жерлерге барганда элдер байкашы үчүн мамлекеттик "KG" номерлер болушу керек деген пикирде.

"Эң негизги маселе биз жер-жерлерге эл менен жолугушууларга барганда, элдер өздөрү шайлаган депутаттардын келишин карап, ошол жерге элдер топтолгондо да билиши керек. Жолдо бара жатканда да Жогорку Кеңештин депутаттарына эч кандай тоскоолдуктар болбошу үчүн зарыл. Кызматтык унааларды, мейли, тапшырдык. Бирок депутаттарга мурдагы "KG" номерин кайтаруу керек болууда. Элдер билиши керек, шайлаган депутаты келдиби же жокпу. Жогорку Кеңештеги депутаттар номерлерди кайра алса жакшы болот эле. Депутаттар аны өзүнүн унаасына кадап алабы, такси менен жүрсө таксиге илип алабы өзүнүн иши болот эле. Бир депутатка берилген номер болушу керек. Же болбосо өкмөт мүчөлөрү да баары жөнөкөй номер менен жүрүшсүн", - деди Икрамов.

Эске салсак, 2016-жылы 3-февралда депутаттарга таандык 120 комплект жана өкмөт мүчөлөрүнүн 23 номери жок кылынган. Бир гана Кыргыз Республикасынын президентине таандык 01 KG номери жок кылынган эмес.






Депутат Икрамов унаалардын “KG” номерлерин кайтарууну сунуштады

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(36)
29.03.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Оаааййй ээээ ары жок, жон журчу
29.03.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Номеринерге карап билишсин деп айткан депутаттын деңгели өттө төмөн екен,Жакшы елге улгулуу депутат болсон жөө барсанда тааныйт эл журт,ошон үчүн номерин менен емес жумушун менен кылган жакшылыгын менен таныыл
kyrgyz.kg83 түзөттү 2018-03-29 11:19:04
29.03.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Бир жолу ар биринер бирден верталет эле алып алгыла, жолдо кыйналбай, эч кандай тоскоолдуксуз учуп журо бересинер.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: