super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: "Айкөл" тобунун негиздөөчүсү, ырчы Советжан Асанкадыров 56 жашка толду

 
Бүгүн, 30-мартта "Айкөл" тобунун негиздөөчүсү, ырчы Советжан Асанкадыров 56 жашка толду. Ал 1962-жылы 30-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Көөчү айылында туулган. Ырчы менен байланышканыбызда тааныган да, тааныбаган да адамдар куттуктап жатышканын айтып сүйүндү.
"Азыр жумуштамын. Учурда Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгында бөлүм башчымын. Кесиптештерим таң атпай куттукташкан, андан сырткары, мен тааныган да, тааныбаган да адамдар куттуктап жатышат. Маанайым - беш. Кечинде досторум менен белгилейбиз", - дейт ырчы.
Кошумчалай кетсек, ырчы айылдагы 8 жылдык мектепти бүтүргөн соӊ Караколдогу музыкалык окуу жайга тапшырган. Андан ары окуусун Бишкектеги искусство институтунан бүтүргөн. Эмгек жолун Караколдогу музыкалык окуу жайда мугалим болуп иштеп баштаган. Ал жактан "Айдың көл" деген жыйырма төрт кишиден турган фольклордук топко жетекчи болууга да жетишкен. Көп киши менен гастролго чыгуу оорчулук жараткандыктан, бир солист үч-төрт аспапта ойной тургандай кылып топту кыскартып, 1994-жылы алты баладан турган "Айкөл" тобун түзгөн. Чыгармачылыктан тышкары, Кыргыз Республикасынын улуттук маданият борборунун башкы директорунун орун басары болуп иштеген. Андан кийин Бишкек шаарындагы музыкалык мектептин директору болгон. Президенттин, "Райондун ардактуу атуулу" жана дагы башка көптөгөн грамоталар менен сыйланган.
30-мартка карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: