super.kg logo

Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү өзү баштаганын айтып, Жээнбековду сүйлөгөндө документтерди кароого чакырды

 

Бүгүн, 31-мартта экс-президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү өзү баштаганын айтып, учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду коррупцияга каршы сүйлөгөндө документтерди карап сүйлөөгө чакырды. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешиндеги коррупцияга каршы сүйлөгөн сөздөрүндө өткөн жылда башталган Атамбаевдин аракеттери айтылбай калганын белгиледи.

“Азыр Атамбаев акыркы үч жылда коррупция менен күрөштү жүргүзгөн эмес деген сөздөр айтылып жатат. Учурдагы чуулгандуу коррупциялык чоң иштер Атамбаевдин тушунда башталган. Кошумча нарк салыгы боюнча 800 миллион сом салыкчыларга иш козголушу тууралуу өткөн жылы апрель айында УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ошол кездеги жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараевге тапшырылган. Анын натыйжасында 2017-жылы август айында биринчи этапта кылмыш белгилери аныкталган. Бүгүн силер билесиңер, азыр аларга айыбы угузулду.

Өткөн жылы бажы тармагындагы схемалардан, коррупциянын кесепетинен бюджетке 10 миллиард сомдой түшпөй калган. Ошондуктан өткөн жылы өкмөт башчы Сапар Исаковго мен сунуш берип, ал 23-ноябрда бажы тармагындагы "серый кардинал" болуп алган Раим Матраимовду жумуштан алды.

Ал эми февраль айындагы Коопсуздук кеңешинде бажы тармагындагы схемалар тууралуу бир да сөз айтылган жок. Баары жүзүн башка тарапка буруп бара жатат. Ошондуктан президентке берилген документтерге көңүл бурулушу керек. Президент өзү да аны карашы керек”, - деди Атамбаев.






Алмазбек Атамбаев ЖЭБ авариясына Жээнбековдун өкмөтү жоопкер экенин айтты

Автор: Мунарбек Жоргомов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(45)
31.03.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+44
Ичи куйуп ататко туз жала атамбаев
31.03.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
uli1234,чындык бар экенго чиркин жээнбеков Алга ажырдаарларды чекеден кама
31.03.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Эмнеге ошондо эле иштен алып кылмыш ишин козгобойт?
31.03.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Алдаба раимды камабайсынбы анда жон эле кой бербей купсагы тойдубу бар кет дегендей кылып
31.03.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Озу кыйшык болсо да, атам байым суйлосунго бул жакта)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: