super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев "өкмөт кетсин" деген депутат Зулушевди сындады

 

Премьер-министр Сапар Исаков катачылык кетирип жатат, бирок ага убакыт берүү керек. Бул тууралуу 31-мартта экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушууда айтты. Атамбаев 28-мартта өкмөттү алмаштыруу керектигин айтып чыккан Жогорку Кеӊештин депутаты Курманкул Зулушевди сындады.

"Сапар Исаков катачылык кетирүүдө, бирок иштеп жатат. Бирок соттордун атын булгаганы үчүн сот тармагынан айдалган Зулушев кыйкырып жатат. Мен анын артында ким турганын көрүп турам... Исаков "Раим миллионду" кызматтан алуу менен аларды катуу таарынтып койду", - деди Атамбаев.

Курманкул Зулушев - Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы. 2013-жылы шаардык соттун судьясы болуп турганда кылмышка айыпталган "Ата Журттун" ал кездеги депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду актоо чечимин чыгарган. Көп өтпөй Зулушев Соттор кеӊеши тарабынан судьялыктан бошотулган. 2015-жылы парламенттик шайлоодо "Республика-Ата Журт" партиясы менен депутат болгон. 28-мартта парламентте Зулушев өкмөт үмүттү актабаганын, саясий жактан да, экономикалык жактан да банкрот абалына кептелгенин айтып чыккан. Депутат өкмөттү жаӊылоо же алмаштырууга мезгил келгенин билдирген эле.






Алмазбек Атамбаев ЖЭБ авариясына Жээнбековдун өкмөтү жоопкер экенин айтты

Автор: Мунарбек Жоргомов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: