super.kg logo

Ошто 3 жашар баласын депкир менен сабаган келиндин иши сотко өткөрүлүп берилди

 

Ош шаарында 3 жашар баласын депкир менен сабаган келиндин иши сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ОШ ШИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургунуна өзүнүн баласын эсинен тангыча сабаган деген айып коюлуп, 104-берене (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда ал ишти иликтөө аяктап сотко өткөрүлүп берилген.

Эске салсак, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын депкир менен эсинен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк өздүк булактар анын сойкулук менен алектениши мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер эсин жоготуп ооруканага түшкөн наристенин абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун айтышкан. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аял баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Кийин келиндин туугандары табылып, бирок аны менен байланышуудан баш тартып жатышканын Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынан билдиришкен. Кийин келиндин ата-энеси табылып, бирок кызы менен байланышуудан баш тартышканы белгилүү болгон. Бала окуя болгондон 10 күндөн кийин эсине келбей чарчап калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.04.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдуктуу,жашабай калгыр
02.04.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наристенин убалы уктатпасын эми!!!
02.04.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депкир-бизче капкурбу? )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: