super.kg logo

Мэрия айдоочулар койгон талаптар боюнча жооп берди

 

Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарынын маршруттук унааларынын айдоочулары иш ташташты. Бул окуя боюнча Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы маршруттук каттамдарды ишке ашырган фирманын жетекчилери менен жолукту. Анда маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, негизги айдоочулардын койгон 6-7 маселесине мэрия мындайча жооп берди.

Айдоочулардын талаптары:

1) Камсыздандыруу полиси жок маршруттук таксилердин айдоочуларына айып салууну жокко чыгаруу;

Жооп: Камсыздандыруу боюнча мыйзам 1-апрелден тарта күчүнө кире баштаган. Мындан улам ар бир айдоочу унаасынын ичиндеги орундуктарын камсыздандырыш керек эле. Мындан улам МАИ кызматкерлери тарабынан текшерүү катуу жүрүп жаткан. Учурда айдоочулардын 60 пайызы камсыздандыруу иштерин аяктаган. Андыктан калган 40 пайызы камсыздандыруу иштерин аяктагыча текшербей турган болдук. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө фирма жетекчилерине айдоочуларга бул боюнча толук маалымат берүү да айтылды.

МАИ кызматкерлери тарабынан көпчүлүк учурларда айыптын көп өлчөмдө салынып жатканы боюнча аталган кызматкерлер менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Бирок катуу басым жасалган факт боюнча эч кандай маалыматтар айтылган жок.

2) Бирдиктүү форма кийүү талабын алып салуу;

Жооп: Шаардагы ар бир айдоочунун бир типтеги формасы болсо деп сүйлөшүлгөн. Бирок эч кандай кыйноо жолу менен болгон эмес. Аларды сатыла турганы боюнча да маалыматтар жок. Шартына жараша ар ким ылайыктап тигип алуусу да айтылган. Ошондой эле фирма башчыларына атайылап саттыруу маселеси да каралган эмес.

4) Маршруттук таксилер жолдун экинчи тилкесинен деле бурула берүүгө уруксат берүү, бул үчүн айып салбоо;

Жооп: Бул боюнча учурда жол коопсуздугунун кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр жүзүлүп, бул маселени чечип берүү каралууда. Эгерде коопсуздук кайсы бир тилкеден бурулуп жатканда байкалса анда норманы сакташ керек. Ал эми кээ бир коопсуздук жаратпай турган тилкелер боюнча маселелер чечилип берилет.

7) Айрымдары жол кире акысын 15 сомго чейин көтөрүүнү айтышууда. Бирок көпчүлүгү азыркы жол акысына деле нааразы эмес.

Жооп: Тариф маселеси бул абдан оор. Себеби тарифти кайра көтөрүү үчүн атайын комиссия иш алып барып, бир чечимге келүү керек. Андан соң депутаттык жыйынга коюлуп чечилүүсү шарт. Бул маселе бүгүн эле чечилип кала турган иш эмес. Андыктан сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Эске салсак, бүгүн, 2-апрелде маршруттук таксилердин айдоочулары ишин таштаган. Мындан улам шаарда жол тыгыны пайда болуп, такси кызматтарынын баасы эки эсеге өскөн.






"Мэрия талаптарыбызды аткарбаса, каттамга чыкпайбыз" дейт маршруттук таксинин айдоочулары

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
02.04.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тиги шапкесин баса кийип,эчкимди карабай отцп кетип жатса керек,ошончо эл ишинен,соодасынан,ооруканадан,балабакчадан,мектептен кечигип жатышса...
02.04.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Мындай талаптарга жооп бергиче маршруттук таксилерди жоюп салгыла, ордуна автобус, тролейбустарды коюп!!!

Биринчиден маршрутка айдагандар жол эрежесин козго илбей унаа айдап, жургунчулордун коопсуздугун ойлогон жери жок. Эми 2-тилкеден бурулууга уруксат бергиле дегени эмнеси?!! Же алардыкы "акпы"?!! Унаа 2-тилкеден бурулса анда ансыз да толтура авариялардын саны кобойот го?!!

Ошого макул болгон мэрияны да жоюп салуу керек!!!
02.04.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
fantomas,кошулам.
02.04.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
8-Депутаттар маршруткага тушкондон уялбасын муну дагы кошуп койгула
02.04.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жол кире акысын 15 сомго кобойткон мэрияны токтоосуз жоюп салуу керек...

Маршрутка айдагандар чыдаса иштесин, жакпаса башка иш кылышсын.....

Анан калса маршруттук таксилерге талаптар кучотулушу керек. Мисалы маршруттук таксилер тазалык талаптарына жооп бериши керек. Жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга ири суммада айып салынып, жумуштан четтетилиши, Бишкекте эч кайсы бир маршруттук каттамда иштоого уруксат берилбеши керек...
02.04.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Эн туура талаптарды коюшуптур айдоочулар .!! Бирок иш таштоосун эскертип коюш керек эле менимче.
02.04.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
abusait, бекердин бешин айтыпсын...

Анан калса сен четки полосада бара жатсан, перекрестокто ортодо бара жаткан маршрутка сени карап бура калса жол эрежесин одоно бузуп, балким ошондо сага акыл кирээр?!!
fantomas түзөттү 2018-04-02 18:22:41
02.04.2018. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өлкөдө тартиптин солгун экенинен пайдаланып ушинтип эркелеп жатышат булар! Эгер азыркы алар койгон шартка макул болушса, эртең эле:" Мен чарчадым, баланча аялдамага чейин жүргүнчүлөр кезек менен маршуруткамды айдап барышсын..." - дегенден да кайра тартпайт бул бети жокторуң!
Барс түзөттү 2018-04-02 18:52:33
02.04.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баарына мыйзам бирдей иштеш керек! Экинчи полосадан кайрылганга уруксат бергиле деп өтө эле эркелеп кетипсиңер го?! Аттиң Бекмамат Осмоновдой тартипке көңүл бурган чиновниктер болгондо...
03.04.2018. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдап баратып видео королу деп да кошуп койбойт беленер
03.04.2018. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртең таксисттер, жөнөкөй адамдар чыгышат мага да экинчи полосадан бурулганга уруксат бер деп. Жүрө бергиле ушинтип... Мыйзам, жол эрежелери баарына бирдей болушу шарт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: