super.kg logo

Жогорку Сотто Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекованы лицензиясынан ажыратуу маселеси каралды

 

Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекованы лицензиясынан ажыратуу боюнча шаардык соттун жеке аныктамасын жокко чыгарды. Бул тууралуу Чынара Жакупбекованын жардамчысы Марлен Керимкулов билдирди.

"Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жатып Чынара Жакупбекованы жактоочулук лицензиясынан ажыратуу боюнча 2 жеке аныктама чыгарган. Анда бир жолу отурумга келбей койду деп, экинчиси Текебаевге дайындалган мамлекеттик жактоочу Элвира Чоноева менен жаңжалдашканы үчүн. Биринчи окуя боюнча Чынара эженин кызы ооруп, отурумду жылдыруу боюнча өтүнүч келтирсе албай коюп, эртеси отурумга келбеди деп жеке аныктама чыгарган. Экинчисинде болсо мамлекеттик жактоочу соттун өкүмү чыгып жаткан күнү Чынара эже экөө жаңжалдаша кетишкен. Сот залында тартип бузду деп анда да жеке аныктама чыгарган.

Негизи жеке аныктама берилгенден кийин ал Юстиция министрлигине жиберилет. Анын негизинде адвокатуранын этика боюнча комитети карап өзүнүн жыйынтыгын чыгарып берет. Эгер чындап жактоочунун аракеттери туура эмес деген чечим чыгарышса, ал Юстиция министрлигине жөнөтүлөт да анын негизинде адвокаттык лицензия жокко чыгарылат.

Бирок биз Жогорку Сотко Бишкек шаардык сотунун жеке аныктамасы мыйзамсыз деп кайрылганбыз. Бүгүн, 3-апрелде биздин өтүнүчүбүздү карап, Жогорку Сот канааттандырды", - дейт Керимкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
03.04.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир жаранга закон ушундай бирдей болсо кандай сонун болоор эле....жаль
03.04.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ мага канча ай болду билип бпрчи мен
каментарий бере албайтам сайасатка
04.04.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mina24,
Саламатсызбы! Сизге купуя кат жиберилди.
03.04.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакупбекованын атасынын аты Жакыпбы же Жакупбу, башым ман... дегеним кыргызча Жакуп деген ат барбы?
04.04.2018. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyn7776,Яков
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: