super.kg logo

"Супер хитке" Алмаз Шаадаевдин "Эми мага баары бир" композициясы кошулду. "Сюжеттеги окуя реалдуу жашоомдо орун алып, кырсыкка кабылдым" дейт ырчы

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада Ильяз Андаштын "Ак чардак" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди. Анын ордун ырчы Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" ыры толуктады.

"Чыгарманын автору - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков. Мен анын чыгармасын ремикс вариантында ырдап чыктым. Ыр 20 күндө эле 2 миллион кароого ээ болду. Ал эми клипти клипмейкер Эрнист Сыдыков тартты. Клип тартуу учурунда көп кыйынчылыктар болду. Сюжетте кырсыкка кабылган унааны тартканбыз. Клип бүткөндөн кийин үйгө баратып өзүм кырсыкка кабылдым. Кудайга шүгүр, оор жаракат алган жокмун. Клиптеги окуя чыныгы жашоомдо да кайталанды", - дейт ал.

28-МАРТТАН 4-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Ак чардак" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунда - Автандилдин "Баратам жолдо мына" чыгармасы орун алган.

8-орун - Урмат менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы орун алды.

7-орунду - Малика Динанын "Айтчы себебин" чыгармасы камсыздаган.

6-орунга - Өткөн аптада алдыңкы үчтүктө келе жаткан Кенже Дүйшееванын аткаруусундагы "Апакем" чыгармасы ээ болгон.

5-орун - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасына буюрган.

4-орунду - Тизмеге жаңыдан кошулган Асема Токтобекованын аткаруусундагы "Сен жана мен" чыгармасы ээлеген.

3-орун - Курал Чокоевдин "Кара-Балта-Кайыңды" чыгармасы бул аптада алдыңкы үчтүктө.

2-орунга - Өткөн аптада эң көп добушка ээ болгон Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мени унут" чыгармасы бул ирет бир баскычка төмөндөдү.

1-орун - Бул аптада эң көп добушка Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр, ай" чыгармасы
ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү композицияңызга добуш берүү үчүн бул шилтемеге баш багыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
04.04.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жаны ыр ырдабайт экен да ээ изденип ар кимдин эле ырын ырдап
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-04 14:50:00
04.04.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны ыр деп мааниси жок эки созду кайталап кынылдагандан коро мааниси жакшы обону уккулуктуу болсо бироонун ырын деле аткарган жакшы го. Алмаз, азаматсыз. Бул аткаруунуз клиби да мага жакты.
04.04.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1 845 727 кароо болгон ,4 -мартта жуктолуптур,туура бир ай .бирок жакшы чыккан .
Модератор admin_portal түзөттү 2018-04-05 08:05:33
07.04.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ссылкага отсок башка видеолор чыгып калып жатат ко?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: