super.kg logo

Бишкектин тургунун коркутуп акча талап кылган 2 адам кармалды

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда Бишкек шаарынын тургунунан коркутуп акча талап кылган, мурда соттолгон 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Белгисиз 2 адам Бишкек шаарынын тургунунан коркутуу жолу менен акча талап кылган. Жабырлануучу бул тууралуу милицияга кабарлап, ал адамдар 20 миң алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Кийин белгилүү болгондой кармалгандардын бири И.Т. аттуу адам 34 жаштагы Токтогул районунун тургуну болгон. Экинчиси 40 жаштагы К.М. аттуу Бишкек шаарынын тургуну болгон. Экөө тең мурда соттолгон экен", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Андан сырткары, учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканын да кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
04.04.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмыш кылгандын кобу мурда соттолгон болушат го. Экинчи кылмыш кылса катуу чара корулушу керек, кайра эркиндикке чыкканда, кайра эле кыллмыш кылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: