super.kg logo

Назира Бердигулова: "Жолдошумдун мурунку никедеги жубайы рак илдетине кабылган, ага жардам бергенге даярмын"

 

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу белгилүү актриса жана теле алып баруучу Назира Бердигулованын маеги башталды.

Ар дайым коомчулуктун назарында болуп, ар бир айткан сөзү жана маектери кызуу талкууга алынган актрисага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:06. Түз эфирдин коногу Назира Бердигулова жүйөлүү себептерден улам кечигүүдө.

15:46. Актриса түз эфирден күйөрмандары менен саламдашты. Андан соң адатка айланган ойготкуч суроолордун төртөөнө туура жооп берди.

15:49. Назира айым күн тартиби тууралуу кенен айтып берди.

15:50. Суроо: "Тасмаларга эмнеге тартылбай калдыңыз?"

Жооп: "Комедия жанрындагы тасмаларга тартылууга сунуштар болуп жатат. Бирок олуттуу ролду аткаргым келет".

15:52. "Сиз дагы мактанчааксызбы?" деген суроого, "Мактана турган жайыбыз болгон үчүн мактанып калам" деген жообун узатты.

15:54. "Жолдошум мага чейин эки жолу үйлөнгөн. Эки жубайынан тең балдары бар. Мен алар менен жакшы мамиледемин. Көп нерсе аялзатынан көз каранды" деп жолдошунун мурунку турмушу тууралуу айтып берди.

15:57. Жолдошу мурунку никедеги балдарына алимент төлөй турганын билдирди.

15:58. Суроо: "Канча унааңыздар бар?"

Жооп: "Үй-бүлөдө ар бирибизге жетиштүү унаабыз бар".

15:59. Суроо: "Жолдошуңуздун биринчи жубайы рак илдетине кабылыптыр. Каражат жагынан жардам берип жатасыздарбы?"

Жооп: "Бул жеке жашоомо тиешелүү суроо экен. Бирок ооруп жатканы ырас. Мен жардам берейин деп колумду сунгам. Жакында кайрымдуулук концерт уюштуруп, андан түшкөн каражатты дарыланууга берейин деп жатам".

16:01. Назира Бердигулова жаныбарлардын дабышын чыгарып, оюн көргөзүүдө.

16:04. "Нике шакегимди тагынганды унутуп калыптырмын. Мындай учурлар көп эле болот", - дейт.

16:06. Кайрымдуулук иштери тууралуу кенен маалымат берди. Көбүнчөсү кароосуз калган балдарга кол сунуп, жардам берерин дагы кошумчалады.

16:07. "Жолдошум айылдык кеңеште депутат болуп эмгектенген. Бирок азыр иштебейт. Азырынча өзүн өстүрүүнүн үстүндө иштеп жатат".

16:08. Суроо: "Жолдошуңузга карата алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуптур. Азыр Казакстанда качып жүрүптүр..."

Жооп: "Бул маалымат калп. Балким менин жолдошум эместир".

16:10. Алып баруучу айым үй-бүлөсү, бир туугандары тууралуу күйөрмандарына маалымат берди.

16:11. Телеберүүгө ушул жылдын май айынан тарта чыгып, алып баруучулук ишин улантарын билдирди.

16:12. Назира Бердигулова түрк улутундагы мырза бриллиант көздүү шакек тартуулаганын жокко чыгарды.

16:14. Суроо: "Эркектер менен кучакташып сүрөткө түшкөндөн уялбайсызбы?"

Жооп: "Мен ким менен кучакташып түшүптүрмүн? Балким Самара Каримованын жолдошу Асан болушу мүмкүн. Алар менен бир туугандай эле мамиледемин".

16:19. Жолдошу Казакстанда эмес, Кыргыз жергесинде экенин айтып: "Сүрөттөрүн жүктөбөй койсом эле ал башка жакта жүрүшү шарт эмес".

16:21. Суроо: "Сиз бир ырчыга турмушка чыгайын деп, анын айылдагы үйүнө барган экенсиз..."

Жооп: "Менин колумду сурагандардын арасында ырчы же чыгармачыл инсан болгон эмес".

16:23. Суроо: "Бирөөнүн көз жашына бакыт кура албайсың" дегенге кошуласызбы?

Жооп: "Эгер мырза ашык болсо, өзүн деле башкара албайт. Мунун баары эркектин тандоосу".

16:26. Суроо: "Бойдок кезде тиги менен жүрдү, бул менен жүрдү деген кептер ээрчиген. Эми деле сенин дарегиңе айтылган кептер түгөнбөй келет..."

Жооп: "Демек менин жашоом кызыктуу".

16:28. "Балалуу болгондо, наристең алгачкы кадамын таштаганда, алгачкы сөзүн сүйлөгөндө бактылуу көз ирмемдер болот. Бирок бактылуу жашоо болбойт".

16:30. Эч кандай жеке ишкерлик менен алектенбей турганын айтты.

16:31. Суроо: "Мурда тарсылдап сүйлөчү эле. Азыр созулуп калыптыр го".

Жооп: "Балким балалуу болуп токтолуп, назик боло түшкөн окшойм".

16:33. "Эң негизгиси татыктуу тарбия берип, акыл-эстүү кылып чоңойткону маанилүү. Ооба, мурунку жубайларынан кыздуу болгон", - деп күйөрманы тарабынан келген суроого жооп берди.

16:37. Назира Бердигулова жакшы суроо узаткан күйөрманына өзүнүн белегин тартуулап, эфирди жыйынтыктады.


кошулду





Назира Бердигулова: "Жолдошумдун мурунку аялы ооруп, жардам колун сунгам. Ал кабыл алган жок"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(45)
04.04.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиктиби коногубуз
04.04.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо саат канчада башталат туз эфир
04.04.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ырчыларды 13, 14:00 ко эле чакырып койгулачы! Ошого чакырсанар анан 15:00 до келет. Элди анкыйтпай!!!
04.04.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nargiz94, Молодец эми айтайын дегем
04.04.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам супер. Коноко суроом мындай: Саламатмызбы Назира эже, эл билбеген дагы кандай таланттарыныз бар? 2. Жашоонузда стресске кабылган учурлар болгонбу Жана андан кантип чыккансыз?
04.04.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кана келдиби
04.04.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Хаммери бузулуп калган окшойт да
04.04.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Апей кечигип келип деле кечикпейм таккыр дей берет экен го
04.04.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмне мынча назиииик, жылмакааай, актриса болуп сүйлөп жатат? )))
04.04.2018. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Актрисалык таланты жок экен да жаныбарларды туурай албайт го, алып баруучу жайлады го кантип актриса болуп журосун деп
04.04.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ктр Ден назик болбой эле алып баратго
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: