УКМК: "Сирияда согушуп келген террордук уюмдун мүчөсү кармалды"
Сирияда согушуп келген террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-мартта 1972-жылы туулган З.З. аттуу Кыргыз жараны кармалган. Кылмышка шектүүнү суракка алган учурда чет элдеги эл аралык террористтик уюмдун лагеринде диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкандыгы аныкталган.
Аталган иш боюнча 375-берененин 2-бөлүмү (жалданмачылык) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө камагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Кыргыз болуп туулган сон, кыргыз болуп жашайлык. Арабтардын руханий китепбин окуп алып, алардын маданиятын ыйык тута бербей. Ал бетте кыргыздар кудай же жараткан же тенир деп эле кыргызча айтса болот ар кайсы арабча создорду колдонбой.
Бизде адам олгондо албетте мусулманчылык ырым жырымдарды колдонобуз болгону ошол. Ошол эле убакты кыргыздын да ырымдарын да колдонуп келебиз. Бирок бул деген арабдардын жашоо образын туура же арабча жур дегенди билдирбейт.
Ошол ислам динин тушуном деген адамдар, арабтардын маданиятын, алардын жашоо образын, салт санаасын ж.б. оздоруно терен кабыл алып жатышат. Дин бул туз жур, ууру кылба деген эле билдирет. Азыр чынында диндин артында арабтардын кызыкчылыгы жаткандай. Алар дин аркылуу оздорунун идеясын башкаларга жайылтып жатышат окшойт. Анан бизде арабтардын кооз китептерин окуп алышып, аттин ай арабтарды туурасак укмуш болот экенбиз деп журо беришет.
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.