super.kg logo

Орусиядагы оюнчук дүкөнүнөн өрт чыкты

 
Орусиянын Тюмень шаарында 5-апрелге караган түнү оюнчук дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу орус басылмалары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып маалымат беришти.
"Учурда өрттөн өлгөн жана жабыр тарткандар тууралуу так маалымат жок. Балдардын оюнчуктары сатылган дүкөндүн 3 миң чарчы метри күйгөнү болжолдонууда. Өрт кырсыгын өчүрүүгө 63 өрт өчүрүү кызматкери жана 24 атайын техника тартылган", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 25-мартта Орусиянын Кемерево шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда өрт чыккан. Анда 64 жаран каза болгон. Каза болгондордун көбү жаш балдар экени кабарланган. Учурда аталган кырсык боюнча 3 кылмыш иши менен тергөө иши жүргүзүлүп жатат. Шектүү катары 7 жаран кармалганы маалыматта кошумчаланат. Ошондой эле орун алган кырсыктан улам облустун губернатору Аман Тулеев өз каалоосу менен жумуштан кеткен.
Мындан тышкары өрт кырсыгы Москва шаарындагы "Персей" балдардын соода борборунда катталган. Анын жыйынтыгында соода борбордун 1 кызматкери каза болуп, 4 өрт өчүрүүчү кызматкер ооруканага жаткырылган. Маалыматта өрт соода борбордун эң төмөнкү кабатынан чыкканы кошумчаланат. Аталган кабатта балдардын оюнчуктары сакталып турганы аныкталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.04.2018. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бироолор эле атайын орттоп атат окшойт ким орттосо да кармап туруп оздорун орттош керек
05.04.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ошентип ойлоп атам, террористтердин жаны методубу дейм да
05.04.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Россияны коралбагандар эле кылып атат
05.04.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уже үчүнчү ирет өрт чыгышы,,,
05.04.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайын эле жасап жатат го.
Футбол жакындаган сайын, кобойуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: