super.kg logo

YouTube'дун башкы кеңсесинде ок чыгарган аялдын ким экени аныкталды

 

АКШнын Калифорния штатындагы YouTube'дун башкы кеңсесинде ок чыгарган аялдын ким экендиги аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ок чыгарган аял Иран өлкөсүндө төрөлүп, АКШда бала кезинен бери жашаган 38 жаштагы блоггер болгон.

"3-апрелде YouTube'дун башкы кеңсесинде ок чыгарган аял белгилүү блоггер Насим Агдам интернеттин активдүү колдонуучусу болгон. Ал бир нече социалдык тармактарга катталып, көптөгөн видеолорун YouTube'га жүктөп жүргөн. Негизинен Насим Агдам жаныбарларды коргоо боюнча иш алып барган. Улут аралык корпорацияларга каршы чабуулдарды жасап келген. Андан сырткары блоггер айым саясий митингдердин активдүү катышуучусу болгон", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле маалыматта блоггер айымдын жеке турмушу жана жумушу тууралуу маалыматтар аныкталган.

"Блоггердин өзүнүн үй-бүлөсү болгон эмес. Туруктуу жумушу жок болгондуктан, ал бүт бош убактысын YouTube социалдык тармагындагы жеке каналына арнап келген. Анткени жеке каналына жүктөгөн видеотасмаларынан ага акча түшө баштаган. Бирок YouTube компаниясы тарабынан Насим Агдамдын каналдарындагы каттоо эрежелерин өзгөртүп, чектөө киргизген. Мындан улам блоггер айым негизги кирешесинен айрылган", - деп кошумчаланат маалыматта.

Ал эми Насим Агдамдын атасы кызынын YouTube'дун башкы кеңсесине барып, кызматкерлерге ок чыгарып, андан соң өз өмүрүнө кол салынышын төмөндөгүчө билдирген: "Кызым акыркы бир апта ичинде YouTube'га өз нааразычылыгын байма-бай билдирип келген. Ал жек көрүү сезиминен улам ушундай кадамга барды окшойт".

Айта кетсек, учурда Насим Агдамдын YouTube'дагы каналы өчүрүлгөнү кабарланууда. Бирок блоггердин башка социалдык тармактардагы баракчалары өчүрүлгөн эмес. Ал эми полиция кызматкерлери аялдын ок чыгаруусуна эмне себеп болгонун ачыктай элек.

Эске салсак, буга чейин АКШнын Калифорния штатындагы YouTube'дун башкы кеңсесинде атышуу болгону кабарланган. Атышуудан 4 жаран жаракат алып, бир аял каза болгон. Ок чыгарган аял өз өмүрүнө кол салып көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
06.04.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Капатаси суук
06.04.2018. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Benazir08,эмнеси суук кандай тилде жаздын
06.04.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
lenin1870,кебетеси суук
06.04.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lenin1870,Баткен тилинде
06.04.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
lenin1870,"Калит илагандин тагинда" дегендей эле болуптур
06.04.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Benazir08,жон антпе!
06.04.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эптеп кыргызча туура жаза албайсыңар, анан минус плюс басып сындатып эле койсо. Кыргызча жазсаңар бир жериңер кемип кетеби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: