super.kg logo

5 миллиарддан ашуун кароо топтогон "Despacito" чыгармасы кайрадан рекорд жаңылады

 

Пуэрто-рикалык ырчылар Луис Фонси менен Дэдди Янкинин "Despacito" ырынын клибин 2017-жылдын 13-январында элге тартууланган. Бир жыл ичинде аталган чыгарманын YouTube каналындагы кароосу 5 миллиарддан ашып, жаңы рекорд койду.

Айта кетсек, чыгарма өткөн жылдын август айында 3 миллиард кароо топтосо, декабрь айында 4 миллиарддан ашуун кароого ээ болуп, рекорд койгон. Кайрадан рекорд жаңылаган бул клип учурда 5 миллиарддан ашуун кароо топтогон жалгыз гана чыгарма.

"Despacito" испан тилинен "акырын" же "жай" деп которулат. Ырда аткаруучу ага жагып калган кыз менен кумарга батууну каалап жатканы тууралуу ырдалат.

Ал эми Уиз Халифа менен Чарли Путтун "See you again" чыгармасы 3 миллиард 489 миллион кароо менен 2-орунда болсо, Эд Ширандын "Shape of you" чыгармасы 3 миллиард 413 миллион кароо менен 3-орунда турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
07.04.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир убакта psy рекорд койду эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: