ТЕСТ: Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик эмессизби? Макалдарды суудай билген замандаштардын катарындасызбы?
Эң мыкты тарбиячы - кыргыздын эзелтен бери айтылып келе жаткан макал-лакаптары экени талашсыз. Ал гана эмес, макал сөздүн көркүн чыгарып, уккан кулактын кычуусун кандырат. Макалдаштырып сүйлөгөн адамды жолуктурсак акылы тунук, оозунда сөзү бар экен деп калабыз. А сиз сөзгө сөлтүк, кепке кемтик эмессизби? Сөз атасын өлтүрбөй шар сүйлөгөн замандаштардын катарындасызбы? Тесттен өтүңүз...
кошулду
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Эшек минген ат сурабайт. Балык жеген эмне сурабайт?
"Эшек минген ат сурабайт, балык жеген эт сурабайт". Себеби ал балык жегенине да шүгүр кылып жашайт.
Кийинки суроо
Устукан
Аш
Эт
Адам эмне менен достошуп, өмүрү менен коштошот?
"Бөтөлкө менен достошкон, өмүрү менен коштошот". Аракечтик адамдын түбүнө жетерин улуу муундар баса белгилеп айтып келишкен.
Кийинки суроо
Душман менен
Бөтөлкө менен
Убакыт менен
"Жакшы адамдын оозун ачсаң ... көрүнөт. Жаман адамдын оозун ачсаң ... көрүнөт".
"Жакшы адамдын оозуң ачсаң жүрөгү көрүнөт. Жаман адамдын оозун ачсаң көрү көрүнөт". Акылман ата-бабаларыбыз адамдын кандай экенин анын айткан сөзүнөн эле баамдап коюшкан.
Кийинки суроо
жүрөгү, көрү
тили, тиши
тамагы
Илгери жалкоо адамдан кайсы жаныбарды артык көрүшкөн?
"Жумушка жалкоо адамдан, жумуртка тууган тоок артык" деп иш кылбаган адамдан тоокту артык көрүп сыпатташкан.
Кийинки суроо
Итти
Уйду
Тоокту
"Жакшы менен дос болсоң ашууларды ашырат. Жаман менен дос болсоң ..."
"Жакшы менен дос болсоң ашууларды ашырат. Жаман менен дос болсоң аялыңа асылат". Бул макал үй-бүлөнү сактоону алдын алуу максатында айтылып, эр азаматтарды этият болууга үндөгөн.
Кийинки суроо
... аялыңа асылат
... байлыгыңа асылат
... тууганыңа асылат
А сиз билесизби жаман адамдын кандай өнөрү бар экенин?
"Жамандын бир өнөрү - жата калып ат үркүтөт". Бул жаман адамга гана эмес, жаныбарга да кесепетин тийгизет тура.
Кийинки суроо
Сындайт
Ат үркүтөт
Ушактайт
Чоң үйдөгү күлсө, кичи үйдөгү эмне кылат?
"Чоң үйдөгү күлсө, кичи үйдөгү ырсаят". Макалдын маңызы боюнча кыргыздар чоң үй деп аттуу, баштуу эл бийлеген бектер жашаган үйдү айтышкан. Ал эми кичүү үй деп, ошол чоң үйдө жашагандардын кызматын кылган, жылкычы, койчу, казанчылары жашаган үйдү аташкан. Буга ылайык чоң үйдөгүлөр күлсө, кичи үйдөгүлөр айла жоктон кошомат үчүн күлгөнгө аргасыз болушкан.
Кийинки суроо
Той кылат
Ырдайт
Ырсаят
Адамдын эрдиги менен иттиги кайсы учурда билинет?
Ата-бабаларыбыз үй ээсинин кандай адам экенин анын жайыл дасторконунан эле билерин айтып, "Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартпа" дешкен.
Кийинки суроо
Төргө өткөрүп, чай бергенде
Кой союп, төш тартканда
Эшигин ачып, үйгө киргизбей койгондо
Эмне болсо адамдын оозу чайнайт, жок болсо көзү жайнайт?
"Пулу бардын оозу чайнайт, пулу жоктун көзү жайнайт" деп токчулук менен жокчулукта күн көргөндөрдү салыштыруу иретинде айтышкан.
Кийинки суроо
Пулу болсо
Бийлиги болсо
Жумушу болсо
Биринчиси соода, экинчиси эмне?
"Биринчиси соода, экинчиси коога". Макал турмушка узаган кызга карата айтылган. Мисалы, турмушка чыккан кызга калың төлөөдө баасы бычылган. Мынча кара мал, тигинче жандык айдап түшөсүң дегенге чейин барышкан. Кыз алуудан элибиз аянган эмес. Эгер кыздын башы ачылып, төркүнүнө келсе, ал жубан аталган. Кайра эрге чыкса, мурункудай өткүр мамиле болгон эмес. Бирок бүлөгө бүлө кошулуп жаткандыктан ырымын кылып калың берилген. Калыңдын өлчөмү мурункудан аз болгон.
Кийинки суроо
Келишим
Коога
Экинчиси деле соода
Кимдин жашы кургабайт?
"Эркенин жашы кургабайт, жоргонун тери кургабайт" деп ата-бабаларыбыз эрке адамды бир ооз сөз менен сыпатташкан.
Кийинки суроо
Эркектин
Эркенин
Көздүн
Кулан тайып кудукка жыгылса, кулагында эмне болот?
"Кулан тайып кудукка жыгылса, кулагында кур бака ойнойт". Бул накыл кептин мааниси "Бир кезде досум деп төшүн каккандар, бийлигиңден кол жууганда жоо чапкандай тынчып калат" дегенди туюндурат.
Кийинки суроо
кур бака ойнойт
кулагы сынат
ээси жыгылат
"Мурунку келген конок кийинки келген конокту ..."
"Мурунку келген конок кийинки келген конокту сүйбөйт". Мал союлуп, дасторкон үстү жайнап, коноктор жайыл дасторкондо чардап отурганда кийинки коноктор кирип келсе, мурункулар козголот, копшолот. Улуу, кичүүлөп отуруу кайрадан башталат. Дасторкон үстү жаңырат. Мурункулардын кызуу кеби уланбай, кийинки келген коноктордун обону менен тейлениши мүмкүн.
Кийинки суроо
жактырбай карайт
тосуп чыгат
сүйбөйт
Койчунун кызы качан иш кылат?
"Койчунун кызы кой келгенде иш кылат". Бул жалкоолуктун белгиси. Илгери адамга карата жалкоосуң деп кесе айтпай, кыйытып айтышкан.
Кийинки суроо
Конок келгенде
Кой келгенде
Көңүлү келгенде
"Эненин сүтү менен бүткөн, ... менен кетет".
"Эненин сүтү менен бүткөн, сөөк менен кетет". Мааниси - эненин сүтү менен бүткөн кыял-жорук, жакшы-жаман адаттар ошол адам өлгөндө гана сөөгү менен кошо кетет дегенди туюндурат.
Кийинки суроо
...суу
...сөөк
... эт
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Кыргыздын макалдары кандай соонун. Коп макалдын чечмеленишин билип алдым. Тилекке каршы азыр жаштар макалдарды унутуп баратабыз. Макалдарды коп билсек соз байлыгыбыз да кобойсо керек.
9 туура
6 ката.