super.kg logo

Бишкекте 11 жаштагы өспүрүмдү сүзүп качып кеткен жол тандабастын айдоочусу табыла элек

 

Бишкекте 11 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кеткен жол тандабас унаасы табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя тууралуу маалымат 6-апрелде кечки саат 18:25те келип түшкөн. Анда 5-кичи райондо жолдун адамдар өтүүчү белгисинен өтүп бараткан 11 жаштагы баланы белгисиз унаа сүзүп кетип, кырсык болгон жерден качып кеткен. Бала шаардык №3-балдар ооруканасына жеткирилген.

"Сүзүп кеткен унаа жол тандабас экени айтылууда. Учурда ал табыла элек, бардык тийиштүү чаралар көрүлүп, издөө иштери уланууда", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, кечээ, 6-апрелде социалдык тармактарда 12 жаштардагы баланы унаа сүзүп кеткени тууралуу маалымат тараган. Анда баланын маңдайкы тиштери сынып кеткени, сүзгөн унаа токтобой качып кеткени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
07.04.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качып кайда барасың,баары бир колго түшөсүң
07.04.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда качтың ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-04-07 16:58:18
07.04.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип качат? Бети жок ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-04-07 21:52:50
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: