super.kg logo

ИИМ Казакстанда болгон Кыргыздардын унаасындагы ок атуу тууралуу маалымат таратты

 

Казакстанда белгисиз адамдар тарабынан ок жеген адам Тажикстанда төрөлгөн орус жараны болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз жаранынын унаасынын ичинде ок жеген адам орус жараны болгон.

"6-апрель күнү Кыргыз жараны болгон досу экөө Орусия менен Казакстандын чек арасындагы посттон Казакстанды карай өтүшөт. Посттон Чымкентке чейин ала кетишин суранып бир адам отурат. Булар жолун улап, Кыргыз айдоочу Актөбө шаарына жакын жерге келгенде унаасын токтотуп, досу экөө Актөбө шаарына жумуштары менен кетишет. Ошол убакта унаада калган баягы жолдон салып алган жүргүнчү бирөөлөр атып кеткенин айтып телефон чалат.

Ок жеген адамдын баалуу буюмдарын жана документтерин шектүүлөр алып кетип калышкан. Учурда биздин жаран да Казакстанда, ал эми жабыр тарткан жаран ооруканада", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.

Айта кетсек, "Элдик кабар" бөлүмүнө Казакстанда Кыргыздардын унаасына бет капчан бирөөлөр ок атканын, жаракат алгандар бар экени тартылган видео келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: