super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-АПРЕЛЬ: Орусиялык ырчы, "ВИА-Гра" тобунун экс-солисти Альбина Жанабаева 39 жашка толду

 

Орусиялык ырчы, актриса, алпаруучу, "ВИА-Гра" тобунун экс-солисти Альбина Жанабаева 1979-жылы 9-апрелде Волгоградда туулган. Ал бала кезинен музыкага жакын өсүп, мектептик хордо ырдап, фортепиано классы боюнча музыкалык мектепти аяктаган.

17 жашында Москвага келип, Гнесин атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайга тапшырган. Ал жакта окуп жүрүп, жарнамалык роликтерге, кинолорго тартылган. Окуусун аяктаган соң белгилүү продюсер жана ырчы Валерий Меладзеден бэк-вокалда ырдоо сунушу түшүп, баш тарта алган эмес.

Ал эми 2004-жылы күз айларында "ВИА Гра" тобуна солист катары кабыл алынган. Анда 8 жыл 3 ай иштеген соң топ таркап, Альбина Жанабаева жеке карьерасын баштаган. 2012-жылы "Измена" тасмасына тартылып, өзүн актриса катары сынап көргөн.

2009-жылы Валерий Меладзенин 18 жыл бирге жашаган жубайы Ирина менен ажырашып жаткандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Кийинчерээк буга Меладзе менен Жанабаеванын ортосундагы сүйүү себеп болгону ачыкталат.

Валерий Меладзе менен

Белгилүү болгондой, түгөйлөр көпкө чейин Жанабаеванын 2004-жылы туулган уулу Константиндин атасы Валерий Меладзе экенин коомчулуктан жашырып келишкен. Меладзе ажырашкан соң гана ал маалыматты ырастап, 2014-жылы түгөйлөр расмий түрдө никеге турушкан. Ошол эле жылы Лука аттуу дагы бир уулдуу болушкан.

9-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: