super.kg logo

Сокулукта адамды унаа сүзүп кетти. Маркумдун артында үч уулу жана бир кызы калды

 
Маркумдун жубайы
Сүзгөн унаанын калдыктары
Маркумдун 4-апрелде түшкөн сүрөтү

Чүй облусунун Сокулук районунда жол кырсыгынан улам каза болгон жөө жүргүнчүнүн артында үч уулу жана бир кызы калды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде SUPER.KG порталына маркумдун эжеси Кишимжан Арзыкулова айтып берди.

Анын айтуусуна караганда, каза болгон адамдын үй-бүлөсү аз камсыз болгон. Үйүндө жалгыз өзү гана жыгач цехте иштеген.

"Окуя үйүнүн жанындагы чоң жолдун жээгинде болгон. Байкесинин үйүнө барып, андан өзүнүн үйүнө келе жатканда кара түстөгү унаа сүзүп кетиптир. Кырсыктан бир буту жулунуп кеткен. Бүгүн акыркы сапарга узатып жатып жуунтканда, мээси да чачырап кеткенин көрдүк. Иним 31-мартта 47 жашка толду эле, анын артында 3 уул, 1 кызы калды. Эң улуусу 18 жашта, ал быйыл эле мектепти бүтүргөн, калган үчөө мектеп окуучулары болчу.

Учурда сүзүп кеткен айдоочу табыла элек, бирок көргөндөр инимди кара түстөгү "БМВ" үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткенин айтып жатышат. Күбөлөр Сокулуктун баш жагында ошол унаанын жогорку ылдамдыкта айдап келе жатканын көргөн экен. Эл көргөндү милициянын таппай жатканы таң калычтуу", - дейт маркумдун эжеси.

Эске салсак, Чүй облусунун Сокулук районунда белгисиз унаа жөө жүргүнчүлөр өтчү жайдан өтүп бара жаткан адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми жолдон өтүп бара жаткан 47 жаштагы адам ошол жерде каза болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.04.2018. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акыйкаттык менен чечим чыгаргыла наркы дуйного барганда жооп берер кун келет ошол учун акчага алданбай тапкыла камагыла
10.04.2018. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун Аллахым бейишинен берсин. Уй булосуно сабыр.
10.04.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Издеп тапкыла. Куноосун озу тартсын. Адырандабастан акырын айдаса болот да жоо кууп келе жаткандай айдабастан, бир адамдын омурун алды.Айдоочулардын эсине салуучу жол белгилерин орнотуу керек.Азыр ичип алып унаа башкаргандар кобойуп кетти. Мындай кесепеттер мамлекеттин чабалсыздыгы болуп жатат.
12.04.2018. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунун баары качан бутот? Президент качан иштейт? Канча адам каза болду? Неужели президенттин кучу жетпейт токтотууго? Видео наблюдениеге акча жок экен, баардык водительдерди обязуйте кайрадан вождениеден отсек, теорияны кайрадан тапшырткыла ар бирине!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: