super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-АПРЕЛЬ: Белгилүү америкалык актёр, 3 өлкөнүн жарандыгын алган Стивен Сигал 66 жашка чыкты

 

Америкалык, орусиялык, сербиялык актёр, продюсер, сценарист, режиссёр, музыкант Стивен Сигал 1952-жылы 10-апрелде АКШнын Мичиган штатындагы Лансинг шаарында туулган. Актёр тасма талаасына 1982-жылдан баштап аралаша баштаган. Дүйнөгө "Өтө катуу сокку" ("Смертельный удар"), "Жырткычка аңчылык" ("Охота на зверя"), "Согуш өнөрү" ("Искусство боя") жана башка тасмалардагы ролдору аркылуу таанылган.

Стивен Сигал 4 жолу үйлөнгөн. 1974-жылы Мияко Фудзитани аттуу япон кызына баш кошуп, Аако жана Кентаро деген уул-кыздуу болушкан. 1987-жылы түгөйлөр ажырашкан. 1984-1987-жылдары актриса, модель Адриенн Ларусса менен никеде болгон. Бирок бул никеси соттун чечими менен күчүн жоготкон.

1987-жылы актриса жана модель Келли Леброкко үйлөнүп, Аннализу, Доминика Сан Рокко, Аррису аттуу 3 балалуу болушкан. Үйүндөгү бала багуучу Арисса Вульф менен актёрдун сүйүү мамилесинен улам 1994-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Арисса менен Сигалдын ортосунда Саванна деген кызы бар.

Учурдагы үй-бүлөсү менен

Актёрдун азыркы жубайы - монголиялык бийчи Батсухийн Эрденэтуяа. Экөөнүн Кунзанг аттуу уулу бар.

2016-жылы Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путиндин указы менен аталган өлкөнүн жарандыгын алган. Учурда актёрдо АКШ, Орусия жана Сербиянын жарандыгы бар.

2016-жылдын сентябрында актёр Кыргыз мамлекетине келип, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышкан. Анда ал: "Менин оюмча, көчмөндөрдүн маданияты өтө маанилүү. Менин ата-бабаларым да көчмөн болгон. Ошондуктан Көчмөндөр оюндарына келүүнү чечтим. Эң башкысы, өлкө башчысынын чакыруусунан баш тарта алган жокмун", - деп билдирген.

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатында Стивен Сигал сыйлуу конок катары кыргыз атын минип ат майданына чыккан.

10-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: