super.kg logo
  Саясат  

Экотехинспекциянын башчысы ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча сурак берип жатат

 

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Канатбек Муратбеков Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу Башкы прокуратурада сурак берүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.

Учурда Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 2017-жылдагы өкмөттүн аткарган жумуштары боюнча отчётун угуп жатат.

Алгач Кенекеев Канатбек Муратбековду өлкө башчысынын Түркиядагы иш сапарында коштоп жүргөнүн билдирген болчу. Бирок аталган инспекциянын башчысынын орун басары Болот Жусуев ЖЭБдеги окуяга байланыштуу Муратбеков жыйынга катышпай калганын айтты.

Комитет төрагасы Мирлан Жээнчороев Бишкек, Ош шаарларында көзөмөл кылуучу жайлар бар экенин айтып, Муратбековдун отчёт берүүгө келбей калганын сындады.

Дайыр Кенекеев депутаттардан кечирим сурап, Муратбеков Башкы прокуратурада сурак берип жаткандыктан жыйынга келбей калганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: