super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев Сегизбаев менен Жолдубаеванын мыйзамсыз кылмыш иштерин козгоолор боюнча жоопкерчилигин кароону талап кылды

 

Депутат Жанар Акаев Индира Жолдубаева менен Абдил Сегизбаевдин жоопкерчилигин кароо керектигин айтты. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кыргыз чиновниги үчүн эң чоң жаза бул отставка деп түшүнүп калдык. Эмне үчүн ал буга чейин мыйзамсыз иш козгогону, жасаган иштери үчүн жооп бербеши керек? УКМКнын мурдагы төрагасы, башкы прокурор адамдардын тагдыры менен ойноп жатканда ушул жерде чиренип, бизге титиреп каяша айтып отурушкан. Эмне үчүн биз алардын жазасы катары отставкага кетирип коюшубуз керек? Андай болбойт, алар буга чейин жасаган иштерине, канча адамдын тагдыры менен ойносо, саясий буйруктарды аткарса, анын баарына жооп берсин! Мына, президенттик аппараттын башчысы, Коопсуздук кеңешинин башчысы турат. Жаңы келген УКМКнын башчысы, башкы прокурор адилеттүү иштөөсү үчүн жакында кызматтан алынган адамдардын жоопкерчилигин берип, сабак боло тургандай кылыш керек", - деди Акаев.






Парламент президенттин башкы прокурорду кызматтан бошотуу сунушун колдоду

Автор: Мундуз Нурланбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 18 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: